// //

Мен тааныбаган эркек күйөөмө мага деп белек таштап кетиптир

2023.06.23, 18:02
12740

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жумуштан чарчап келдим. Бүгүн сессия башталган. Студенттер толтура. Алар менен кечке жүрдүм. Тамак ичкенге дагы жетишпедим. Үйгө барсам эле уктайм деп келгем, бирок күйөөм ачууланып тосуп алды.

Столдун үстүндө бир чоң койдун эти турат. Жиликтерге бөлүнбөй, кандай болсо ошондой боюнча бүтүн экен. Анын жанында жыйырмадай нан, коробкаларда кургатылган мөмө-жемиштер, боорсоктор турат.

- Бул кимден?

- Мен сенден сурайын деп жатам. Бир эркек киши келип сага берип коюшумду айтты. Ким ал?

- А мен кайдан билем? 

- Башка айымдар гүл алса, сен пайдалуураак алат экенсиң бирок... (күлүп)

- Ачуума тийбечи, чарчап турам.

Бирөө-жарым чалабы деп түнгө чейин күтүп отурдук. Эт жыттана баштады. 

Атайын арендага деп чоң муздаткыч алып келип, этти салдык. Балким адашып таштап кетишти, алып кетишсе уят. Дос-туугандарга чалсак бири дагы билбейт экен.

Андан бери бир жума өттү. Жумушта отургам. Бир номер чалды. Дароо эле "мени тааныдыңбы" деди. Кайдагы бир эркек киши. 

- Кимсиз?

- Этти алдыңарбы?

- Ооба, адашып калдыңар окшойт. Алып кетесиңерби?

- Ал силерге. Кызымды окууга өткөргөнгө жардам бергениңиз чоң рахмат.

- Кайсы кызыңыз?

- Жамиля. Апей, унутуп калдыңарбы?

Эстедим. Былтыр бир номер чалып, кызы шаарга баратканын, шаарды билбей турганын, тосуп алып, экзаменге киргизип коюшумду суранып, телефонду коюп койгон. 

Жөн отура албай, вокзалга барып, ал кызды таап, университетке алып келип, экзаменине киргизип, кайра чыгарып, айылына салып жибергем. Ким экенин деле сураган эмесмин. Жумуш көп болчу. Көрсө атасы мага адашып чалган болчу экен.

Таптакыр эле тааныбаган адамдар болуп чыкты. Көрсө телефонду туура эмес терип алыптыр. Башка мугалим менен сүйлөшүшмөк экен. Кызы университетке эмес колледже окумак экен, азыр минтип чоң окуу жайда окуп жүрөт. 

Тиги киши буларды айтып берип жатып боору эзилип калды. Мен дагы кечке күлдүм. Бирөөгө жакшылык кылдым эле, минтип акыбетин алып отурам. Сүйлөшүп бүтүп дароо күйөөмө чалдым.

- Алло?

- Этти аса бер, бизге экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт