// //

Бул 4 белги башкаларга караганда ийгиликтүү экениңизди билдирет

2023.06.21, 14:06
2819

Күнүмдүк турмушта тытынып жүрүп негизги нерсени унутуп, өзүбүздүн ийгиликтерибизди байкабай калабыз. Ошол учурда кошунабыздын чөптөрү биздин короодогуга караганда жашылдай көрүнө баштайт. Бүгүн сиздин ийгиликтүу экениңизден кабар берген белгилер тууралуу сүйлөшөбүз. 

Жумушуңуз жагат

Миллион сом таппасаңыз да, жумушуңуз сизди чындап бактылуу кылат. Миңдеген адамдар күн сайын жек көргөн жумушуна жөнөшөт, ошол эле учурда абалды өзгөртүү үчүн эч нерсе жасашпайт. Эгер сиз кыялыңыздагы жумушту тапкан  болсоңуз жана эртең менен жумушка баруу үчүн жакшы маанай менен ойгонсоңуз, анда өзүңүздү ийгиликтүү адам деп эсептей бериңиз.

Жумуш менен жеке жашоонун балансын тапкансыз

Кеп жумуш жөнүндө болуп жаткандыктан, жеке жашоого да кайрыла кетели. Эртең менен офиске, кечинде үйгө сонун маанай менен баргыңыз келгени, жеке жана кесиптик ийгилигиңиздин бир бөлүгү.

Артыңыздан айтылган сөздөргө баары бир

Башка бирөөнүн оюна көз каранды болуу алсыздыктын жана өзүнө ишенбөөчүлүктүн белгиси. Өз жөндөмүнө ишенген адам ал жокто айтылган сөздөргө маани бербейт. Андыктан, ушак-айыңдар сизге өтпөсө, чыдамкайлыгыңызга көз артуу гана калат!

Тобокелчиликке баруудан коркпойсуз

Ийгиликтүү адамдар жаңы идеяларга жана коркунучтуу авантюраларга ачык. Алар идеялары ишке ашпай калат деп коркпойт. Бул дагы бир жолу аракет кылуу үчүн шылтоо. Көбүнчө бийик максаттарга – кыялкечтер жана энтузиасттар жетет.

Кайсы бири тааныш экен?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт