// //

"Апам "мен турганда ыйлаба" деген." ЖРТдан өтпөй калган окуучулардын баяны

2023.06.21, 12:28
7915

Салам, достор! Бүгүн биз убагында ЖРТдан өтпөй калган, абитуриент окурмандарыбыз жөнөткөн ары кызыктуу, ошол эле учурда сабак боло ала турчу баяндар менен бөлүшөбүз. Лайк басканды унутпаңыз. 

Үйгө баргым келген эмес

99 упай алыпмын. Шокмун деп койгула. Классташтарыма кудай берди. Шылдыңдап күлүштү. Мугалимим дагы бир жылмайды. Жок дегенде 100 же 95 болсо кана дедим. Үйгө сертификатымды көтөрүп баргым келген жок. Ичим аябай жаман болду. Азыр жеңил айтып жатам. Ошондогу сезимимди 99 алгандар гана түшүнөт. Апам чалды. Кайда жүргөнүмдү сурап, канча алганымды кошумчалай кетти. 99 деп туруп коюп койдум. Албетте, айла жок үйгө барасың. Апам унчуккан жок. Атам дагы. Жакшысы урушуп коюшса жеңилдемекмин. Бирок, окууга өттүм. Азыр гана ЖРТ жөн гана экзамен экенин, бирөө утат, бирөө утулат экенин түшүндүм. Болгону мен билген маалыматтар тестте келген жок. 99 алсаңар капа болбогула.

Апама рахмат

ЖРТ жыйынтыгын билип аябай капа болгом. Ыйлагам. Анткени, бюджетке тапшырып, кызыл диплом алгым келген. Үйдөн чыкпай жатып алдым. Ошондо апам "мен турганда ыйлаба" деп айтты. Контрактка тапшырдым. Бирок, тытынып окуп, кызыл диплом менен аяктадым. Азыр эстеп күлөм. Аз упай алдым, болду жашоом бүттү деп ойлогом. ЖРТдан ары деле жашоо бар экен. Болгону бир жерде токтоп тыгылып тура бербегиле. Анан апама рахмат. Ал урушса чөгүп кетмекмин.

"Өлдүм!" деген ой келди

Сөгүндүм. Мугалим эже урушту. Сыртка чыгып кеттим. "Өлдүм!" деген ой келди. Атаман корктум. Апаман корктум. Досторум жанымда болушту. Колдоп баары жакшы болорун айтышты. А мен университетке өтпөйм дедим. Баары окуп жүрсө калып калчудай болдум. Жакшынакай эле болуп өтүп, экинчи курсту бүтүрдүм. 

Элди ойлобогула

Айрым адамдарга упай маанилүү. Өзгөчө улуу муунга. Ата-энебиз мактанганды жакшы көрүшөт эмеспи. Бирок, аз упай алып калдым деп ыйлабагыла. Жаман жолго барбагыла. Бул болгону кезектеги бир экзамен. Жашоо аны менен токтоп калбайт. Эл айта берет, аларга таалуу жерди чукулаган жагат. Көп упай алдым деп кыйын болгондор дагы болот. Бирок бул али жеңиш эмес. Жеңиш андан ары жагында. Жакшылап окуп, аракет кыла бергиле. Бул катты океандын ары жагынан жазып отурам. Бир кезде аз упай алган окуучумун. 

Сизде кандай сезимдер болгон?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт