// //

MEGA балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын Ысык-Көлгө алып барып келди

2023.06.20, 09:31
567

2023-жылдын жайкы туристтик сезонунун ачылышына карата уюштурулган кайрымдуулук акциясынын алкагында, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору КРдин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу катчылыгынын жардамы менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы балдар социалдык мекемелеринин тарбиялануучулары үчүн Ысык-Көл облусуна бир күндүк тур уюштурду.

Иш чаранын негизги максаты багуусуз жана жетим калган балдарга колдоо көргөзүү болуп саналат. Компаниянын менеджменти балдардын бир эмес эки кыялын ишке ашырууну чечти, ал поездге түшүү жана Ысык-Көлгө баруу.  

«Ушундай иш чаралар көпкө чейин созулган салтка айланып, ал эми башка компаниялар да бул жөрөлгөнү ишке ашырып турууларын каалайт элек», - деп белгиледи MEGA компаниясынын башкы директорунун орун басары Эркинбек Баяманов.

Ысык көлгө жалпысынан 135 бала барды.  Сапарды балдар менен чогуу ыктыярчылар жана аниматорлордон тышкары атактуу спортчулардан жана ырчылардан турган жылдыздуу десанттар да коштоп барышты. 

MEGA компаниясы атайын мекемелердин тарбиялануучуларынын өнүгүүсү жана коомго аралашуусу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү аракетинде байма-бай жардамдарды көрсөтүп келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт