// //

Бул 5 көрүнүш сизге тааныш болсо, анда абьюзерсиз

2023.06.13, 16:23
1531

Абьюзер - жакын адамына физикалык зомбулук көрсөтөт, манипуляциялайт, кемсинтет, коркутат же  басынтат. Кээде ал өзүнүн жасаган аракеттеринин кесепеттерин толук түшүнбөй калышы мүмкүн. Биз бүгүн дал ушундай адамдын айрым белгилерине токтолобуз. Эгер алар сизге тааныш болсо, психологго кайрылып кеңеш алыңыз. 

Өнөктөшүңүздү себепсиз сынга аласыз

Ар дайым өнөктөшүңүздөн сизди кыжырданткан бир жерин таап алып, аны чукулай бересиз. Мисалы, сүйүктүүңүздүн сырткы көрүнүшү жана кийингени, анын сүйлөгөнү жана үй жумуштарын жасаганы, айтор, катуу сындап, аны басынтасыз. Сын менен өнөктөшүңүздүн өзүнө болгон баасын түшүрөсүз. Натыйжада, ал сизге көбүрөөк көз каранды боло баштайт.

Өнөктөшүңүздү катуу көзөмөлгө аласыз

Анын телефонун, почтасын жана мессенджердеги билдирүүлөрүн текшересиз, интернеттен эмнени издегенине көз саласыз. Эгер анын паролдору жок болсо, беришин талап кыласыз, бербесе жашыра турган бир нерсеси бар экенин айтып уруша баштайсыз. Ошентип, өнөктөшүңүздүн жеке чегин басып алып, анын психикалык абалын туруксуздаштырасыз. Ал дайыма көзөмөл астында болгондуктан, өзүнө ишенбей баштайт.

Эки жүздүүсүз

Сиз кошуналар, кесиптештер, достор, ата-энелер жана ал тургай бейтааныш адамдар менен достук мамиледесиз, алардын алдында сонун адамсыз . Ал эми өнөктөшүңүз менен жалгыз калганда бул жакшы тарабыңыз жоголот. Башкалар үчүн позитивдүү образды түзүү менен өзүңүздү коргойсуз. Айталы, өнөктөшүңүз сиз жөнүндө арызданууну чечсе, башкалар ага ишенбей калышы мүмкүн.

Өнөктөшүңүз менен болгон мамилеңизди дайыма өзгөртөсүз

Сиз себепсиз өзгөрө аласыз. Эртең менен ​​жумшак, камкор жана назиксиз. Кечинде агрессивдүү же такыр кайдыгер адамга айланасыз. Муну менен өнөктөшүңүздүн ички абалын туруксуздандырасыз: ал сиздин алдыңызда кандай күнөө кетиргенин түшүнүүгө аракет кылып, дайыма тынчсызданып жүрөт. 

Өзүңүздү агрессивдүү алып жүрөсүз

Сиз үчүн өнөктөшүңүздү басынтканыңыз, ага үнүңүздү көтөргөнүңүз, шылдыңдаганыңыз же кемсинткениңиз нормалдуу көрүнүш. Сиз кандайдыр бир талаш-тартышты чырга айландырууга жакынсыз, өзүңүздү араң кармайсыз. Мындай аракетиңиз өнөктөшүңүздү психикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, ар дайым өзүн коркунучта сезет.

Бул көрүнүш таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт