// //

Аялымды 20 жыл күнөөлөп жүргөнүмө катуу өкүнөм

2023.05.25, 17:00
14168

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

"Ушу катын мени артка тартты", "ушуну алгандан бери ишим оңолбоду", "ушу менен жыргатпады" ж.б. 

Жыргатпаган катыным эки жыл мурун каза болду. Ал жок жыргап кетпедим. Гүлдөп-өнүгүп кетпедим. Кайра тереңге чөктүм. Эч кимге керегим жок болуп калдым. 

Бир дагы жолу үнүн көтөрбөдү. Сөксөм унчукпай жумушун жасап коюп жүрө берди. Бир дагы жолу жылмайганын көрбөдүм. Тагдырына баш ийген бойдон жанымда жашап өттү. 

Аттиң, мен эмес, сен менин жанымда өспөдүң.

Балдар мага жакын эмес. Өзгөчө кызым мага катуу таарынып калган. Ал күнү ичип келгем. Апасына кол көтөрдүм. Болушту. А мен "ушу энең мени артка тартып жүрөт" дедим. Кызым "сен өзүң жалкоосуң, өзүң жалкоосуң, апам сага бир нерсе дедиби, колуңдан кармап бир нерсе жасатпай койдубу, сенин колуңдан ичип, адамды күнөөлөгөн эле келет, бай болгуң келсе, тиги комнатага өзүнчө бөлүнүп алып деле байыбайт белең, кана байыганың, апамды сөккөнгө эле алың жетет, сен жеткен жалкоосуң, бирөөнү күнөөлөп отурган жеңил, сен жеңил жолго качкан адамсың, апамды бактысыз кылган сенсиң, өзүң апамды артка тартып жүрөсүң, жек көрөм сени ата". 

Буркурап ыйлаган кызымды, жанында "кой кызым" деген аялымдын кебетесин унутпайм. Көп өтпөй аялым каза болду. А мен жалгыз калдым.

Мына күнөөлөгөнгө адам жок. Эми иштеп байый берсем болот. Жок, байыбадым. Анткени мен башынан эле иштегим келген эмес. Кызымдын ар бир сөзү туура. Кур намыска 25 жыл жашоомду короттум. 

Мазарга барам. Мүрзөсүнүн айланасын тазалайм. Куран окуйм. Кечирим сурайм. Колумдан ушул нерсе эле келет. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт