// //

Бул 5 себептин айынан балаңыз сабакка же кружокко болгон кызыгуусун жоготот

2023.05.22, 10:53
2781

Салам, ата-эне! Балаңыз кружокторго баргысы келбей, жактырган хоббиси менен алектенбей, бардык нерсеге кызыгуусун жоготуп койдубу? Анда анын себеби төмөндө болушу мүмкүн.

Ашыкча жүк

Эгерде баланын сабактары көп болсо жана мектептен кийин толтура ийиримдери бар болсо, акыр-аягы ал чарчайт. Ага окуусу жана тандаган кружоктору канчалык жакпасын, организми басымды көтөрө албай калат. Бала өзүн угуп, аны эмне кызыктырганын аныктай албай баштайт, кызыгуусу жоголот. 

Стресс же тынчсыздануу

Депрессиялык эмоционалдык абал энергияны алып каалоолордун санын азайтат, хоббиге орун калтырбайт. Мисалы, бала мектепте же жеке жашоосунда кыйынчылыктарга туш болсо, спортко же хоббисине болгон кызыгуусун жоготуп коюшу мүмкүн.

Ылайыктуу чөйрөнүн, мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу

Эгерде бала өзүнө жаккан иш менен алектенүүнүн жолдорун көрбөсө, анда ал бара-бара бул ишке, дегеле бардык нерсеге кызыгуусун жоготот. Мисалы, музыкалык мектепке бара албайт, аспабы жок, ата-энеси, достору анын кызыгуусун бөлүшпөйт. Анан убакыттын өтүшү менен музыкага болгон каалоосу жоголуп кетиши мүмкүн.

Колдоонун жоктугу

Эгерде бала өзүнө ишенбесе, анда ал ийгиликсиздиктен коркуп, жаңы тажрыйбадан баш тартат, ошону менен акырындап кандайдыр бир ишке болгон кызыгуусун жогототн. Мисалы, бала ийгиликке жете албайм деп корксо, спорт менен машыгууну каалабайт. Өз кезегинде, ата-энелер анын жөндөмдүүлүктөрүнө ишенерин жана ийгиликсиздик бардык нерсенин аягы эмес экенин көрсөтүүсү маанилүү.

Терс тажрыйба

Мисалы, эгер бала мурда машыгууда ийгиликтерди көрбөсө, андан ары баруудан баш тартат. Ушундай эле таасир стимулдун жетишсиздигинен келип чыгат: бала эмне үчүн бир нерсе кылуу керектигин түшүнбөй калганда, аны жасоого болгон каалоосу жоголот.

Бул жагдайлар таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт