// //

Жыныстык катнашка барып, бала төрөш үчүн күйөөгө тийгениме өкүнөм

2023.05.19, 11:29
13736

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен "Эл эмне дейт?" деген принциптин курмандыгы болдум. Билем, күнөө өзүмдө, эч качан бул катам үчүн өзүмдү кечирбейм. Бирок, өкүнбөйм. Эң негизгиси мен баарын түшүндүм.

Туугандарымдан баштап кошуналарга чейин баары жашым өтүп баратканын, балалуу болбосом кийин такыр балалуу боло албай каларымды айтып туруп алышты. Ооба, 34 жашка чыгып калган элем. Бирок, бул нормалдуу экенин кийин түшүндүм.

Элдин сөзү башымды айлантты. Кадимкидей жалгыз жүргөндөн коркуп, уяла баштадым. Тойлорго барбай калдым. Баары эле мени табалап туруп алышты. Анткени ага өзүм күнөөлүүмүн. Мен буга уруксат бердим. 

Жактырбаган адамга эле "жашым өтүп калды, кой чыгайын" деп шашып турмушка чыктым. Мындайча айтканда, жыныстык катнашка барып, балалуу болуш үчүн чыктым. Чынында мен балалуу болууга даяр эмес элем. Ошон үчүн боло албадым окшойт.

Туугандардын оозу эми качан балалуу болорумда болду. Менин азап чегип жүргөнүмдү эч ким түшүнбөдү. Жактырбаган адам менен жашоо тозоктун өзү экен. Эң бактысыз адам элем. Күндө уруш. Мага айтапаган сөздөрдү айтып басынтат. Акыры жарылдым. 

Жашоом ушинтип өтүп кетишин каалабадым. Баарыбыз шеринеде отурганбыз. Ошондо бүт туугандарга айтчу сөзүмдү айтып чыгып кеттим. Ажыраштым. Башка жумушка орноштум. Элдин оозун жаап, өз чегимди коргой баштадым. 

Көрсө кеп, жашта эмес экен, кеп, башта экен. Кеп стереотиптерде экен, кеп болбогон имиштерде экен. Азыр мен бактылуумун. 

Андан бери эки жыл өттү. Быйыл турмушка чыгам. Өз каалоом менен, даяр болгондо, сүйгөн адамыма чыгып жатам. Ал ушундай сонун адам. 

Бирөөнү укпагыла, каалабайсыңарбы, жасабагыла. Кичине күтсөңөр өзүңөр каалагандай болот. Элдин сөзү эч бир адамды бактылуу кылбайт экен.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт