// //

Байкем мага бул сөздү сүйлөп алып атаман катуу уруш жеген

2023.05.12, 18:09
13752

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Үйгө чаң болуп келдим. Тизем кырылган. Каны кургап катып калган. Кийимдерим тытылган. Бирок, жүрөгүмдө эрдик сезими бар эле. Мен аны жеңдим! Ушундай сүйүнүп алгам. Алдыман байкем чыгып баарын бузду.

- Ким менен мушташтың?

- Доки жинге тийди. 

- Мага айтпайт белең! Эмнеге мушташасың! 

- Анан эмне, ал урса унчукпай турушум керекпи!

- Бакырба! Сен деген кызсың! 

Ушул маалда атам чыга калды. Кебетемди көрүп дароо жаныма чуркап келди. Тиземди үйлөп, бетимден өптү. Анан мени эмес, байкемди урушту.

- Кыз эмне мушташпайбы? Эмнеге карындашыңа катуу бакырып жатасың! Күнөө эки тарапта, экөө чечишип алды. Дагы ушинтип "кыз" деп бөлгөнүңдү көрөйүн, башкача сүйлөшөм. Баарыбыздын укугубуз бирдей. Тур, тамагыңды кара!

Атам анан мага кайрылды. 

- Кызым, мушташуу эркек балага гана тиешелүү жүрүм-турум эмес. Баарыбыз ачууга алдырабыз, бул нормалдуу. Өзүңдү коргонуң туура, бирок, физикалык агрессиянын кереги жок. Көйгөйдү чечүүнү башка жолдору бар. А сен аны издеген жоксуң. 

Унчуккан жокмун. Бултуюп тура бердим. 

- Кызым менин, мен сени кандай болсоң ошондой жакшы көрөм. Жашооң кандай болорун бир гана өзүң билесиң. болгону ар бир аракетиңе өзүң жоопкерчилик аласың. Мен эмес. Мен тек гана жаныңда болом. Уктуңбу?

Акырын башымды ийкедим. Атам кучагына кысты. А мен кулагына "эртең барып кечирим сурап коюен, э" дедим. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт