// //

Бул 3 адат сизге тааныш болсо, анда туура кедейликке баратасыз

2023.05.10, 16:44
13235

Салам, достор! Бүгүн сизди кедейликке жетелеген адаттар тууралуу сүйлөшөбүз. Эгер булар сизге тааныш болсо, анда алардан арылууга аракет жасаңыз. Башында кыйын болот, бирок аракет кылса баары болот.

Жашооңуз үчүн жоопкерчилик албайсыз

Кедейликтен чыгуу үчүн, адегенде баарын өзгөртүүгө убакыт келди деп чечкиндүү чечим кабыл алышыңыз керек. Эгер бир нерсе кылыш керек деп  коюп жөн эле жата берсеңиз, анда эч нерсе болбойт.  Биринчиден, сиз өзүңүздүн ой жүгүртүүңүзгө көңүл бурушуңуз керек. Кесиптештериңиздин бири жаңы батир сатып алганын билгенде же короодо укмуштуудай унааны көргөндө кандай сезимде болооруңузду байкап баштаңыз. Эгерде оюңуз жакшы болсо, анда жакшы. Эгер жаман ойлор болсо, өзүңүздү өзүңүз ылдый тартасыз. Ой жүгүртүүнү түп-тамырынан бери өзгөртүүгө убакыт келди. Жашооңуз үчүн жоопкерчиликти алыңыз. Кыялыңыз барбы? Ага жетүү үчүн так план түзүп, конкреттүү кадамдарды жазып, тикенектүү жолго түшүңүз. Ийгиликсиздигиңиз үчүн эч ким күнөөлүү эмес, бир гана сиз күнөөлүсүз.

Тапканыңыздан көп коротосуз

Адамдарды жакыр кылган экинчи адат - бай катары көрүнүү каалоосу. iPhone  үчүн кредит, тааныш-билиштеринен карызга акча алат. Акыркы телефонго ээ болуп, бирок коммуналдык төлөмдөрдү төлөй албай же пайдалуу тамак-ашты жей албай жаткандын эмне кереги бар? Бирөөгө көрүнүү үчүн гана нерселерди сатып алууну токтотуңуз. Экинчи маанилүү эрежени үйрөнүңүз - мүмкүнчүлүгүңүздүн чегинде жашаңыз. 
 
Кирешени көбөйтүүгө аракет кылбай, үнөмдөөгө өтөсүз

Жакырчылыктын чордонунан чыккысы келген көптөр үнөмдөөгө көңүл бурушат. Албетте, бул ар бир адамга пайдалуу болгон сонун адат. Бирок бир кичинекей нюанс бар: кирешени көбөйтпөстөн, үнөмдөгөндүн пайдасы жок, антпесе акчанын жетишсиздигинен эч качан чыга албайсыз.

Кедейлер тынымсыз баарын нөлгө жумшашат. Мындан тышкары, алар көбүнчө карызга батып жашашат. Ооба, арзандатуулардан жана акциялардан арзан буюмдарды, кийимдерди жана бут кийимдерди табууга үйрөнө аласыз, бирок бул баары бир сизди жыргалчылыктан сууруп чыкпайт. Кошумча киреше булагын табуу милдетин койгонуңуз оң. 

Булар сизге таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт