// //

Күйөөмдүн көзүн карабай калгандан бери жашоом өзгөрдү

2023.05.10, 15:26
14581

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Эртеден кечке чейин үйдө отурасың, жасаган тамагың ушул элеби?

- Жакпаса өзүң бышырып же.

Билбейм, кайдан-жайдан оозуман ушул сөз чыгып кетти. Өзүм деле аңдабай калдым. Акыры жетчү жерине жетиптир. Ушундай ачуум келди. Колум калтырап чыкты. Демейде сүйлөнчү күйөөм, унчуга алган жок.

12 жылдан бери жакпай койдум. Өзүнө гана эмес, туугандарына да жакпадым. Бөпөлөп көздөрүн караган сайын, болушунча мени тепселишет эле. Берилип тамак жасайм, жакпайт. Ийилип кызмат кылам, жакпайт. Таң эрте туруп жумушуна жөнөтөм, жакпайт. Эстесем, ушул үйгө келгенден бери бир жылуу сөз укпапмын. 

Мен муздак аялга айландым. Сүйүү албаган аял муздайт экен. Балдарыма дагы сүйүү бере албадым. Күндөрүм эмне болуп өткөнүн билбейм. Билинбей кыркка жакындап бараттым. 

Буулугуп ыйлап жаттым. Ичимдеги бүт күйүттү чыгарып ыйладым. Күйөөм жаныма жакындай алган жок. 

Мен өзүмдү биринчи орунга койдум. Өзүмө жаккан тамакты жасоодон башталдым. Унчукпай жеп алып жумушума жөнөп кеттим. Жумуштан чарчап чыгып үйгө шашат элем. Азыр эки "остановка" жөө басам. Мээмди сергитүүнүн бир жолу. Үйгө келип тамак жасабайм. Биринчи өз иштеримди бүтүрөм.

Кыймыл-аракетим өзгөрдү. Мага адамдар башкача мамиле жасай башташты. Өзүмө жаман сөздөрдү тийгизбей калдым. Кечээ балдарымды кучактап канчалык сүйөрүмдү айттым. Күйөөм унчуга элек.

Келсем картошка кууруп жатыптыр. Кыязы, жумушунан эрте келген окшойт. Башкача... Дасторконго чакырды. Ар нерсени сүйлөп отурду. Тамактанып бүткөндөн кийин балдарга столдй жыйнап койгула деди, менин чарчаганымды кошумчалай кетти.

Мен өзгөрдүм. Күйөөм өзгөрдү. Жашоо өзгөрдү. Баары менден башталат экен.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт