// //

12 жылдан бери бир дагы жолу аялыма чай куйдурган жокмун

2023.05.08, 14:33
10024

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Таңкы саат төрт. Акырын турдум. Пол муздап калыптыр. Сыртка чыктым. Короодо тизилип турган отундарды алып үйгө кирдим. Айылда жаз келсе деле суук. Балдардын мурду агып калбасын деп бир сыйра от жактым. Чай коюп ичип алып жумушка жөнөп кеттим.

Жумушка келсем коллегамдын маанайы жок. Келинчеги экөө урушуп кетиптир. Жаңы үйлөнгөн немелер. Эмне болду деле сураган эмесмин, бир сөзү кызыктырып калды. 

"Чай даярдап койбойт, уйкусу келет имиш!" Эмне чай? Сурадым.

Келинчеги таң эрте туруп чай даярдап бере албай уктап калып жатыптыр. Түндө канчада жатат сурадым. Жумушун кылып кыбырап 1-2лерде уктайт экен. Ачуум келе баштады. Анан кайра кантип төрттө турат? Мээм чыңалып чыкты. 

"Токтот!" дедим. Мага деги эле аялын жамандаган эркектер жакпайт. Аябай жаман көрүнөт. 

"Сен кызык неме экенсиң! Келинчегиң кызмат кылып чарчап уктаса, анан кайра сага кантип чай даярдап берет. Аялды аяш керек. Дос, мен 12 жылдан бери ушул жумушта иштейм. Таңкы саат төрттө жумушубуз башталат, аны өзүң билесиң. Ушул аралыкта бир дагы жолу аялыма "чай кой" деп ойготкон жокмун. Мен аны аяйм, уйкусун бузуп албайын деп акырын бутумдун учу менен басам. Колум бар, чайды өзүм деле кое алам. Кур намыстын эмне кереги бар? Ушул убакка чейин бир катуу урушпадык. Мен аны сыйлайм. Бул сыйыма эки эсе жооп берет. Үй-бүлөнүн бактысы ушул нерседе. Чайды өзүң кое албайсаң, билбейм дос..."

Ойлонуп отуруп калды. Мен жумушка кириштим. 

Эртеси жумушка келсем коллегам бактылуу. "Чай коюп ичип отургам. Келинчегим уйкулуу басып келди. Уктай бер деп айтсам ушунча ыраазы болду. Сонун нерсе экен." Колумду бекем кысып койду.

Ыраматылык чоң апам "чыныгы күйөө аялына күйөт" дечү эле. Аттиң, азыр кесиптешиме окшоп катасын оңдогон мырзалар аз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт