// //

Төшөктө жаткан бейтапка кам көрүү. Кантип туура каражат тандоо керек?

2023.04.25, 10:55
652

Адатта чоң адамдар төшөктө жатып калган учурлар болот. Бул кары-картаңдар, төшөктө жаткан бейтаптар же операциядан өткөн жана активдүүлүгүн чектөөгө аргасыз болгон бейтаптар болушу мүмкүн. Мындай абал өзгөчө мамилени, физикалык жана моралдык даярдыкты талап кылат, ошондой эле адамдын ыңгайлуулугун эске алып, гигиенасына туура кам көрүү маанилүү.

Төшөктө жаткан адамдарга жардам берүү үчүн арналган каражаттардын бири - памперс жана башка абсорбенттер (заттарды соруучу каражаттар). Бирок көпчүлүк учурларда маалыматтын жетишсиздигинен абсорбенттерди тандоодо жекече мамиле жасалбайт. Эл текчеде турганын сатып алат. Ал эми туура эмес тандалган каражат адамдын абалын жеңилдетпестен, ашыкча чыгымдарга да алып келет.

Абсорбенттер кандай учурда колдонулат?

  • чоңдор заарасын кармай албай калганда;
  • операциядан кийин, эгерде төшөктө жатуу зарылдыгы болсо;
  • узакка чейин төшөктө жатууну талап кылган ооруларда;
  • өзүнө кам көрө албаган улгайган адамдар.
Кандай түрлөрү бар?
  • Прокладкалар жана лайнерлер;
  • памперстер;
  • соруп алуучу атайын ич кийим.
Эмнеге көңүл буруу керек?

  • Заараны кармай албай калуу даражасына (инконтиненция);
  • анатомиялык өлчөмгө;
  • кошумча элементтерге жана материалдын сапатына.
Кантип туура тандоо керек?

Заараны кармабай калуунун жеңил даражасында урологиялык прокладкаларды же салгычтарды колдонсо болот. Алар абдан ичке болгондуктан дээрлик байкалбайт.

Заара кармабай калуунун орто жана курч даражасында соруп алуучу ич кийим же анатомиялык прокладка колдонуу керек. Прокладканын түрлөрү: ачык, жарым-жартылай ачык жана жабык болот. Ачык прокладкалар сыртынан чоң прокладкаларга окшош. Бул толук адамдар үчүн да, арык адамдар үчүн да ыңгайлуу вариант, анткени белди жана жамбашты эске алуунун кереги жок. Прокладканын жарым-жартылай жабык түрү жөнгө салынуучу курга ээ. Ал теринин дем алышына мүмкүндүк берет жана ашыкча тердөөгө алып келбейт. Жабык типтеги памперстерде чаптама бекиткичтер бар, бул агып кетүүдөн коргойт. Кыймылсыз жана төшөктө жатканбейтаптар үчүн ыңгайлуу.

Төшөктө жаткан бейтапта жара пайда болушу мүмкүн. Мындай учурда адистер ар кандай памперстерди колдонууну сунушташат. Мисалы күндүз жарым-жартылай ачык памперс колдонуп, ал эми түнкүсүн жабыгын колдонсо болот. Бул ыкма исиркектерди, кыжырданууну алдын алат жана акчаны үнөмдөөгө жардам берет.

Бейтаптарды багуу боюнча адистер мындай каражаттарды адамдын өлчөмүнө жараша колдонууну сунушташат. Анткени кээ бирлери чоң өлчөмдөгү памперс көбүрөөк сорот, мындай жалаякты бат-бат алмаштыруу зарыл эмес деп жаңылыш ойлошу мүмкүн. Бирок туура эмес өлчөмдөгү памперс агып кетүүгө алып келип, бейтапка ыңгайсыздык жаратат.
Гигиеналык каражаттарды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири Seni соода маркасы болуп саналат. Аталган бренд керектөөлөрүнө жараша каражаттарды дайыма жакшыртып турат. Бүгүнкү күндө Seni маркасынын памперстери жана башка абсорбенттер төмөнкүдөй айырмаланат:

  • AIR - продукт "дем алат". Сырткы катмардагы атайын материал буу өткөрөт, бирок суюктукту өткөрбөйт. Бул каражаттын ичиндеги температуранын жөнгө салынышын камсыздайт, андыктан теринин кыжырдануусу жана исиркектердин пайда болуу коркунучу төмөндөйт.
  • Анатомиялык форма. Каражат жумшак болгондуктан териге механикалык зыян келтирүү коркунучун азайтып, ыңгайлуулукту жана ишенимди камсыздайт.
  • Латекс элементтери жок.
  • EDS - тез сиңирүүчү жана нымдуулуктун бирдей бөлүштүрүү системасы. Каражаттар дерматологиялык жактан текшерилет.
  • Гидрофобдук капталдар кошумча агып кетүүдөн коргойт.
  • Odour Stop системасы жыттарды нейтралдаштырат.
  • Нымдуулук индикатору памперстин толуп калганынан жана аны алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берет.
Камкордукка муктаж адамга кам көрүү оңой иш эмес. Дегеле мындай абалга туш болуп, аны менен өз алдынча күрөшүү оңой эмес. Бирок туура кам көрүү каражатын тандоо менен түйшүктү жеңилдетсе болот.

Туура каражатты кантип тандоо жана кам көрүүнү уюштуруу боюнча кененирээк маалыматты шилтемеден окуй аласыз (http://seni.tradegof.kg/).
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт