// //

Үйүнө турбаган жездем баарыбыздын оозубузду ачырды

2023.04.24, 16:07
8188

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эжем жездеме турмушка чыгаарын айтканда үйдө үчүнчү дүйнөлүк согуш болгон. Көз жаштар төгүлүп, эшиктер тарс жабылып, укмуш сөздөр айтылган. Апам атам менен эжемдин ортосунда рефери (бокс аянтчасындагы калыс), иним экөөбүз көрүүчү болгонбуз. Эх, колубузда попкорн эле жок болуп калды.

“Чакыр!” Эжемдин оюн өзгөртпөсүн билген атам, жездемди чакыртты. Саат төрттөрдө жупуну кийинген, кара-тору бир жигит келди. “Ушубу?” деп мурдумду чүйрүдүм. Эжем байкатпай колумдан чымчып, көзүн ымдады. Апам шыпылдап чай коюп, баарыбызды дасторконго чакырды. Атам эң акыркы болуп келди. Болочок жездебиз менен учурашкан жок. Гезиттен көзүн албай, чайын ууртады.

- Кимсиң? Ата-энең ким?

- Ата-энем кичинемде каза болуп калган. 

- Үйүң барбы? Машинаң барбы? 

- Жок...

- Демек, кызым сага тийсе ачка калат экен да.

Жездем унчуккан жок. Эжем бөлмөсүнө чуркап кетти. Жездемди узатып сыртка алып чыктым. Эч нерсе болбогондой, “жакшы тургула” деп коштошуп кетти.

Күз айларында эжемди турмушка узаттык. Туугандар "сени чириген бай менен куда болот деп ойлогонбуз",-деп атамдын чырагына май тамызып, ичин күйгүзүп жатышты. 

Үйлөрүнө качан барбайын жездем жок. Эжемен сурасам дагы бир жумушка кирип алганын айтат. Кээде түнөп калсам, жездем чаң болуп, чарчап келет. Түн болуп калса дагы, “балдызым келип калыптыр” деп шоколад, торт алганы дүкөнгө чуркап жөнөйт. Аябай ыраазы болом.

Туулган күндөрүбүздү жатка билет, ар дайым биринчилерден болуп куттуктайт. 

Жездем аябай өжөр, эмгекчил адам экен. Машина алды, там салды. Үйүн уста жалдабай өзү бүтүрдү. Андан жаш менде мынчалык энергия жок. Жаны тынбайт. Чуркап эле жүрөт. Ушунча жылдан бери бош жатканын көргөн эмесмин.

“Үйү жок, машинасы жок, сени кантип багат деп сарсанаа болгом. Азыр көңүлүм тынч. Балам эмне келген жок?” - чай ичип отурсак, конок болуп келген эжеме атам ушинтти.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт