// //

Турмуш курардан мурун сөзсүз бул нерсени билип алыңыз

2023.04.24, 15:34
3268

Оlolo коворкинг тармагынын түзүүчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев эмнеге башында үйлөнгүсү келген эмес экенин айтып берди. Сонун маалыматты сактап алыңыз. 

18 жашымда Лев Толстойдун "Крейцерова соната" повесттин окуп калдым. Баарыңыздарга бул чыгарманы сунуштайм. Дүйнө таанымыңызга, деги эле бүткүл жашооңузга таасир бере турган сонун повесть. 

Окуяма кайтып келсем, китепти окуп бүткөн соң, Бетховендин "Крейцерова" сонатасын уктум. Анан "Эч качан үйлөнбөйм!" деген чечимге келдим. Албетте, досторум күлүп, ишенишкен жок. Атүгүл бир досум менен мелдеше да кеттик (бир ящик шарапка). Ал мен жакшынакай эле болуп үйлөнөрүмдү, атүгүл балалуу болорумду айтты. А мен үйлөнсөм дагы, балалуу болбойм дедим. 

Мен жеңилдим. Үйлөндүм, бир эмес, үч балам бар. Бул чечимиме эч өкүнбөйм. Баса, досума шарапты төлөп бере баштадым.

Эмнеге өкүнгөн жокмун? Эгер башында "үйлөнбөйм", "балалуу болбойм" деген установкаларым жок болгондо, анда бул нерсе өзүнөн-өзү автоматтык түрдө ишке ашмак. Айталы, баарынын "үйлөнүш керек", "балалуу болуш керек" деген сөзүнө кирип эле үйлөнүп алмакмын. А мен болсо бул нерсе аң-сезимдүү түрдө келдим. 

Келинчегим экөөбүз турмуш курардан мурун бири-бирибизди жакшылап текшердик, терең ойлондук, туура кадам экенине көзүбүз жеткенде гана бирге болуу чечимин кабыл алдык. 

Мен каалабаганым үчүн, баары сонун болду. Эгер мен каалаган болсом, анда башкача болмок.

Келиңиз, эми бул көрүнүш Кыргызстанда кандай экенин карап көрөлү. Негизинен  көпчүлүк жаштайынан эле сөзсүз турмуш куруп, болушунча көбүрөөк балалуу болуш керек деп ойлошот. Бул жерде чечим канчалык түрдө аң-сезимдүү негизде жасалып жатканында күмөн бар. 

Келинчегим Айнураны жолуктурбасам, үйлөнбөйт деле болушум керек. Азыр анын жанымда болушу менен жашоом канчалык толукталып жатканын сезип келем. Бул сезимди башкадан тапкан эмесмин. Дал ушул сезим турмуш керекпи же жокпу дегенге сонун критерий болуп берет.

Эгер ал адамдын жанында өсүп-өнүксөңүз, учурдагыдан да жакшы жакка өзгөрсөңүз, бул нерсени өзүңүз үчүн гана эмес, ал адамга татыктуу болуш үчүн дагы жасаш керек экенин сезсеңиз, анда турмуш куруу чечимин кабыл алсаңыз болот. Бул критерий "жашоону никесиз деле жашап өтсө болот" деген ишенимиңиз менен айкалышканда жакшы иштейт. 

Алгач никесиз жашай аларыңызга ынансаңыз, кийин ансыз болбойт дегенде гана бул чечимди кабыл алсаңыз, сонун формуланы колдоносуз.  

Пастернактын сөзү менен жыйынтыктагым келди: Ыр жаза албасаң жазба, чыныгы поет ансыз жашай албай турган нерсесин гана жасайт. Бул жашообуздагы ар бир аракет үчүн сонун критерий деп ойлойм. Кошуласызбы?

Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт