// //

Диабетти алдын алуу үчүн 5 сонун кеңеш

2023.04.21, 20:17
792

Жашооңузга азыртадан бир аз өзгөртүүлөрдү киргизүү, келечекте кант диабетин алдын алып, анын ден-соолукка байланыштуу олуттуу кесепеттеринен качууга жардам берет. Баштоо эч качан кеч эмес! Муну унутпаңыз.

Кошумча салмактан арылыңыз

Арыктоо диабет коркунучун азайтат. Атайын изилдөөлөргө таянсак, адамдар көнүгүү жана диета менен дене салмагынын болжол менен 7% жоготкондон кийин кант диабетинин пайда болуу коркунучун дээрлик 60% га азайтышкан. Андыктан, ашыкча салмагыңыз бар болсо, арыктоо максатын коюңуз. Дарыгериңиз менен туура арыктоо жөнүндө сүйлөшүңүз.

Физикалык жактан активдүү болуңуз

Үзгүлтүксүз физикалык машыгуунун көптөгөн пайдасы бар. Көнүгүү сизге арыктоого, кандагы кантты төмөндөтүүгө жардам берет. Жумасына үч жолу өзүңүзгө жаккан спорттун түрү менен машыгыңыз. Жумушуңуз аз кыймылдоого шартталган болсо, 15-20 мүнөт сайын туруп жеңил көнүүгү жасаңыз. Жөө басыңыз, лифт колдонбоңуз ж.б. 

Дени сак өсүмдүк азыктарын жеңиз

Өсүмдүктөр менен рационуңуз витаминдер, минералдар жана углеводдор менен камсыз болот. Андан тышкары, денеңиз үчүн энергия булагы болуп саналат. Клетчаткага бай азыктар арыктоого көмөктөшөт жана кант диабети коркунучун азайтат. Ар кандай ден-соолукка пайдалуу, клетчаткага бай тамактарды жегиле, анын ичинде: помидор, калемпир, брокколи жана түстүү капуста, буурчак, нокот ж.б. 

Ден соолукка пайдалуу майларды жеңиз

Майлуу тамактар калориясы жогору, аларды ченеми менен жеш керек. Салмактан арылууга жана башкарууга жардам берүү үчүн, диетаңызда пайдалуу майлар камтылууга тийиш. Зайтун, күн карама, жаңгактар жана уруктар, мисалы, бадам, арахис, зыгыр жана ашкабактын уруктары. Майлуу балыктар, мисалы, лосось, скумбрия, сардина, тунец жана треска. Ал эми сүт азыктарында жана этте пайдасынан зыяны көп майлар кездешет. Аларды аз колдонгонго аракет кылыңыз. 

Модалуу диеталардан баш тартып, ден-соолукка пайдалуу тандоолорду жасаңыз

Көптөгөн модалуу диеталар - мисалы, гликемикалык индекс, палео же кето диеталар - арыктоого жардам берет. Бирок бул диетанын узак мөөнөттүү пайдасы же кант диабетинин алдын алуудагы пайдасы жөнүндө изилдөөлөр аз. Диетаңыздын максаты арыктап, андан кийин дени сак салмакты сактап калуу болушу керек. Ошондуктан, диетаңыз сиз өмүр бою адат катары сактай турган стратегияны камтышы керек. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт