// //

"Кууратмак болдуң!" Баланын келечегин талкалаган ачуу сөздөр

2023.04.21, 19:56
856

Ата-энелер баласына акыл үйрөтүп жатам деп ойлошот. Бирок, балдар биз айткан сөздөрдү таптакыр башкача кабыл алышат. Айтылган сөз атылган ок болуп баланын мээсинде өмүр бою сакталып калат, жана кийинки жашоосуна олуттуу таасирин тийгизет.

Азыр, атаң (апаң, байкең) келет ошондо көрөсүң бирди

Биринчиден, ушул фраза менен дароо өзүңүздүн авторитетиңиздин жоктугун далилдеп жатасыз. Экинчиден, кичинекей бала атасынын келгенине кубанып, аны тосуп чыккысы келсе керек. А сиз, анын атасына болгон мамилесин бузуп, жагымсыз образ жаратуудасыз. Дагы даттанба, бул жаман адат, деп үйрөтүп коебуз.

Бул үйдө сенин эч нерсең жок. Чоңойгондо каалаганыңды кылып ал

“Ээ... кандайча? Андай болушу мүмкүн эмес? Менин кийимим, оюнчуктарым, велосипедимчи?” Бул сөзүңүз менен сиз үчүн материалдык баалуулуктар биринчи орунда турат, ал эми баланын сезими, эмоциялары такыр кызыктырбай турганын көрсөттүңүз.

Кууратмак болдуң

Чон киши болуп туруп өзүнүн ден соолугу жана моралдык акыбалы үчүн жоопкерчиликти баланын мойнуна жүктөгөнүңүз кандай? Бала алгач абдан коркуп кетиши мүмкүн. Бирок, мындай фраза күнүнө бир нече ирет кайталанса, таасири жок болуп калат. 

Күйөөңөн таяк жеп эле басып жүрөсүң го

Бала ата энесинин айтканына терең ишенет. Ошондуктан, анын колунан эч нерсе келбейт, чындап эле ар дайым аны сабап туруш керек экенин эсине бекем сактап калат. Кийин, аны басынткан жана кемсинткен мамилени норма катары кабыл алып, өз таламын талаша албайт.

Колуңан эч нерсе келбейт, алып кел өзүм эле жасайм!

Баланын дагы бир жолу аракет кылып көрүү шансын тартып алдыңыз. Бир нерсени үйрөнүш үчүн өжөрлүк, убакыт жана практика керек экенин унутпаңыз. Ал эми сизге чыдамкайлык керек.

А эмне үчүн төрт алдың, эмне үчүн беш эмес?

Сиздин балаңыз аракет кылып баа алды. А сиз болсо, себебин билбей туруп аны сынга ала баштадыңыз. Баланын катасын эмес, жетишкендиктерин көбүрөөк айтуу зарыл.

Эмнеге мынча жалкоосуң?

Сиздин бул сөзүңүздү уккан бала дароо эмгекчил боло койбойт. Андай болгонго мотивация бере турган сөз да эмес. Балким, ал сиз айткан тапшырманы кантип аткарыш керек экенин билбегендиктен жасаган жок. Же сиз анын күчүн эске албай туруп, колунан келбей турган нерсени талап кылып жатасыңар. 

Сиз буларды айтасызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт