Баласына убакыт бөлө албай, жумуштан колу бошобогон аталарга кеңеш
Келээри-кечке жумуштасыз. Дээрлик балдарыңызды көрбөйсүз. Аталык ролуңузду аткара албай жатканыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезесиз. Кабатыр болбоңуз. Бул кеңештерге кулак салыңыз.
1. Балага жакын болуу үчүн көп убакыт керек эмес
Бир саатты да кызыктуу, көңүлдүү кылып өткөрсө болот. Болгону аталык тарбия берүүгө аракет кылбаңыз. Апаңыз же жубайыңыз “балага атанын тарбиясы керек” деп айтышы мүмкүн. Бирок, бала менен өткөргөн убакыт – пикир алышуу үчүн болсун. Жашоосунда эмне болуп жатканына кызыгып көрүңүз. Күндөлүк же сабактарынан эмес, ал үчүн эмне маанилүү жана баалуу, мисалы, жаңы "Lego", машыгуулары, куурчагы, китеп, кино, достору.
2. Аял “баарын мен жасап жатам, а сен эч нерсе кылбайсың” деп даттанса эмне кылуу керек?
"Эртеден-кечке жумуштасың, а балдар атасыз чоңоюп жатат", - учурдагы абалы менен ыраазы болбогон аял күйөөсүн ушинтип жемелейт. Мүмкүн аялыңыз үйдө отургандан тажады. Чыр-чатакты өз-ара, балдарды пайдаланбастан чечкиле. Эскерте кетейин: балага тарбияны жашоо образыбыз, бири-бирибиз жана бирөөлөр менен түзгөн мамилебиз аркылуу беребиз.
3. Балдарыңыз иштеген жериңизди, аткарган жумушуңузду билеби?
Кээде өспүрүмдөрдөн атасынын жумушу жөнүндө эмне билээрин сурайм. Кызмат ордун эмес (аны оңой эле эстеп калышат), атасы жумушта эмне кылаарын. Бардык эле өспүрүмдөр атасы кантип акча таап жатканын билбейт.
Эртең менен костюмуңузду (же башка кийим) кийип, портфелиңизди алып, машинаны айдап каякадыр жоголуп кетесиз. Кечке чейин эмне кылдыңыз, эмне үчүн чарчап келесиз, балага таптакыр түшүнүксүз.
Өспүрүмдөр апасынын жумушу жөнүндө көбүрөөк билет. Айрыкча, энеси иштебесе балдарды мектепке, поликлиникага алып барат, мугалимдери менен сүйлөшөт, тамак жасап берет. Үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканыңыз балага көрүнбөйт.
Мезгил-мезгили менен балаңызды жумушуңузга алып барыңыз, айрыкча, өспүрүмдөрдү. Аткарган милдеттериңизди айтып бериңиз. Кесиптештериңиз менен тааныштырыңыз - сиздин сыйлуу адам экениңизди көрсүн, үй-бүлөңүз жакшы жашашы үчүн эмне кылып жатканыңызды түшүнсүн.
4. Эми жакшы кабар
“Атам көп иштегенине карабастан, мага жакын болууга аракет кылчу, бул үчүн мен ага ыраазымын”, -деп эскерген адамдарды көп билем. Демек, бала менен каалаган убакта мамиле түзсө болот. Кымбат болгон башка адамдар менен дагы. Мисалы, көп убакыт бою балдарынын жашоосуна тартыла албай "менин милдетим матераилдык жактан камсыздоо",- деп гана ойлогон эркектер бар. Балага чыныгы, бекем мамиле менен гана жардам бере ала турчу бир убакыт келет. Өспүрүмдөрдүн орой мамилесинен, какшыгынан коркпогула! Чынчыл болуудан, алар менен сүйлөшүүдөн качпагыла! Жагымсыз маекке даяр туруңуз. Тил табышуу оор болсо да, чыдамдуу жана кайраттуу болуңуз.