// //

Кайсар күйөөмдү өзгөртүүгө күчүм жетеби?

2023.04.17, 09:42
1268

Күйөөм кайсар, өзүнүкүн бербейт, адамдар менен мамиле куралбайт. Бирөөнүн сөзүн көтөрө албай дароо мушташып кетет. Мен аны кантип жана канчалык өзгөртө алам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.04.2023, 09:46

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! Күйөөңүздүн мындай жүрүм-турумунун көптөгөн себептери болушу мүмкүн. Аларды аныктоо үчүн көбүрөөк маалымат, мисалдар керек. Кыязы, мындай жүрүм-турум бала кезинде иштелип чыккан: бир жолу ата-энесинин үй-бүлөсүндө мындай жүрүм-туруму акталган. Жолдошуңуздун апасы, атасы, бир туугандары менен мамилеси кандай? Ал мындай реакцияларды кимден үйрөнгөн? Сиздин күйөөңүздүн ачыктыгы, сезимдерин жана көйгөйлөрүн талкуулоосу ага көп кыйынчылыктарды алып келуусу мүмкүн. Бирок мындай алып жүрүүсүнүн себептерин түшүнүү аны актабайт.

Күйөөңүздү түшүнүүгө аны өзгөрткөнгө жасалган кадамыңыз жакшы нерсе. Сиз кандай мамилени, кандай байланышты каалайсыз? Сиз эмнени өзгөрткүңүз келет жана эмнени кабыл алууга даярсыз? Сиз каалаган нерсеңизге жетүү үчүн эмне кылууга даярсыз? Буга ким жардам бере алат? Жакынкы күндөрү эмне кыла аласыз? Сиз каалаган нерсеңизге жетүү үчүн эмне кылууга даярсыз? Күйөөңүз менен бул тууралуу сүйлөшүп көрдүңүз беле? Күйөөңүздү толугу менен өзгөртүп, ал каалабаса ага жардам бере албайсыз. Сурооңуздан жолдошуңузга болгон сүйүү сезимин сезип жатам, андыктан баары жакшы болот деп ишенем. Психологго чогуу кайрылып кеңеш алууну сунуштайм.  

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @Zarinausupova.psy баракчасы аркылуу байланыша аласыз.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт