// //

Бул 4 ыкманы аткарсаңыз, кенелер сизди чакпайт

2023.04.15, 14:08
1260

Салам, достор! 2023-жылдын кене сезону башталды. Дарыгерлер кене чаккан учурда адам энцефалитке (курч кармаган жугуштуу вирустук оору, борбордук нерв системасын жабыркатат) чалдыгарын эскертет. Ошондуктан, ден соолукка олуттуу мамиле жасап, негизги эрежелерди аткаруу сунушталат. 

1. Атайын коргоочу костюмдарды же коргоого ыңгайлаштырылган кийимдерди кийиңиз. Кийимдер кенелердин жака жана манжеттер аркылуу ичиңизге кирип  кетүүсүнө жол бербеши керек. Көйнөктүн жеңи узун болушу зарыл. Көйнөктү шымга, шымдын багалегин байпак менен өтүккө тыгып коюңуз. Башыңыз менен мойнуңузга жоолук салыныңыз.

2. Кийимдин жана дененин ачык жерлерине атайын кенеден коргоочу каражаттарыды сүйкөңүз (репелленттер). Ал дарыны колдонуудан мурун, көрсөтмөлөрдү окуп чыгуу керек экенин унутпаңыз.

3. Өз алдынча же башка адамдардын жардамы менен кийимиңизди жана денеңиздин ачык жерлерин мезгил-мезгили менен текшерип, кенелер жокпу карап, бар болсо дароо алып салыңыз.

4. Энцефалитке каршы профилактикалык эмдөөлөр эндемикалык очоктордо иштеген же аларга бара турган айрым кесиптеги адамдарга (курулуш отряддарынын студенттери жана башкалар) жүргүзүлөт.

Сизди кене чаккан учур болду беле?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт