// //

MEGA компаниясына 17 жыл: уюлдук оператор 2022-жылдагы ийгиликтери жөнүндө

2023.04.13, 12:30
922

MEGA мамлекеттик байланыш операторунун 17 жылдыгына саналуу күндөр калды. 2006-жылдын 28-апрели компания негизделген күн деп эсептелинет, дал ушул күнү Кыргызстанда MEGA түйүнү расмий түрдө коммерциялык эксплуатацияга берилген.

«Альфа Телеком» ЖАКтын негизделген күнүн белгилөө – бул компания үчүн жыл жыйынтыгын чыгаруу, ишкананын өнүгүүсүнө баа берүү жана келечек максаттарын аныктап алуу. 2022-жылдын май айынан тарта уюлдук оператордун 100 пайыз акциясы мамлекеттин – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүлгөн.

MEGA жалгыз акционердин – Санариптик өнүктүрүү министрлигинин башкаруусуна өткөндөн кийин, уставдык капиталын 8,7 млрд сомго чейин көбөйттү жана акционер менен интенсивдүү өнүгүүгө багытталган дивиденддик саясатты бекитти. Ошондой эле 2022-жылы MEGA оператору таза пайданын, өлкө бюджетине төгүлгөн төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүп, мамлекеттин натыйжалуу башкаруучу боло ала тургандыгын далилдей алды.

Мисал катары компаниянын кирешелери тууралуу маалыматтарды алалы: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча MEGA 6,298 млрд сом суммасында белгиленген планды 6,523 млрд сомго чейин аткарды. Ал эми 2021-жылы компаниянын кирешеси 5,841 млрд сомду түзгөн. Мындай көрсөткүчтөргө жетүүгө түйүндүн интенсивдүү өнүгүшү (12 ай ичинде 212 жаңы базалык станция курулду), «Элдики + MEGA TV» тарифтер тизмегин ишке киргизүү, MEGA Pay тиркемесинин функционалын кеңейтүү жана республика боюнча компаниянын жаңы Сатуу жана тейлөө борборлорун ачуу өбөлгө болду.

Мындан тышкары, MEGA компаниясынын таза кирешеси өстү: коюлган план 1,504 млрд сом болсо, мамлекеттик оператор 2022-жылы бул көрсөткүчтү 1,574 млрд сомго чейин жеткирген. 2021-жылдын жыйынтыгына сереп салсак, таза кирешенин суммасы 1,503 млрд сомду түзгөн.

2022-жылы MEGA тарабынан республикалык бюджетке дээрлик 2,6 млрд сомго чукул каражат которулуп, компания Кыргыз Респуликасынын эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири экендигин дагы бир ирет тастыктады. Анын ичинде 1,044 млрд − сом салык катары, 826 млн сом − 2021-жыл үчүн дивиденд катары, 412 млн сом − социалдык фондго, 168 млн сом − КРдин мамлекеттик байланыш агенттигине жана 124 млн сом – КР МБК багыты боюнча төлөнгөн.

Салыштыра кетсек, 2021-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болгон: салык катары − 898 млн сом, 394 млн сом − 2020-жыл үчүн дивиденд түрүндө, Соцфондго 257 млн сом, КР МБК боюнча которуулар − 148 млн сом.

«Альфа Телеком» ЖАК мындай жыйынтыктарга 3 миллион абонентинин ишениминин аркасында жетти десек жаңылышпайбыз. MEGA операторун тандоо менен, кыргызстандыктар ар бир иштелип тапкан сомдун эсебинен бюджетке каражаттардын түшүүсүн камсыздады. Ал каражаттар болсо, өз кезегинде, пенсия, жөлөкпул, мугалимдердин, дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин, маданият тармагынын жана башка тармактардын кызматкерлеринин маянасына жумшалат.

2023-жылга карата стратегиялык максаттарга токтоло турган болсок, бул максаттар жыл сайын өтүүчү акционерлер жыйынын жүрүшүндө «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов жана Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан так аныкталды. Уюлдук оператор жылдын соңуна чейин активдүү абоненттик базаны кеңейтүүгө, ири инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, компаниянын кирешесин 15 пайызга көтөрүүгө, ошондой эле 200гө жакын базалык станцияларды курууга басым жасайт. Муну менен катар эле компания байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, техникалык инфраструктураны жаңылап, дистрибуция түйүнүн кеңейтүүнү улантат. Үстүбүздөгү жылы MEGA мамлекеттик оператору каржы-техникалык кызматтарды ишке киргизүү, MEGA Pay тиркемесин өнүктүрүү, бизнес-процесстерди автоматташтыруу үчүн жеке платформаларды иштеп чыгуу жана «АльфаТелеком» ЖАК акционер болуп эсептелген «Евразия сактык банкынын» уставдык капиталындагы MEGA компаниясынын үлүшүн 20 пайызга чейин жогорулатуу максаттарын ишке ашырмакчы.

MEGA – мыктыны тандоо!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт