// //

Гастроскопия жасатыш керек керек деген 5 белги

2023.04.11, 09:08
976

Салам, достор! Ашказан ооруганда гана гастроскопияга түшүү керек деп ойлогондордон болсоңуз, ал пикирңизди өзгөртүүгө аракет кылабыз.

1-белги

Түнкүсүн, ач карын жүргөндө же тамактангандан кийин зарна болосуз, ичтин же сол жак кабыргалардын асты же көкүрөк ооруйт. Мындай белги жаранын же гастриттин көрүнүшү болушу мүмкүн.  

2-белги

Сизде дээрлик ар дайым аппетит жок, себепсиз кусасыз, дайыма кабырганын астында, сол жакта оордук сезилет. Ал оордук тамактануу менен байланышпаган болушу мүмкүн.

3-белги

Сиз 45 жашка чыктыңыз. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө 45 жаштан ашкан адамдар үчүн милдеттүү түрдө жыл сайын медициналык текшерүүлөрдөн өтүп туруу киргизилген.

4-белги

Сиздин үй-бүлөңүздө ичеги-карын рагы менен ооругандар бар. Ракты жокко чыгаруу үчүн гастроскопиядан өтүп турушуңуз керек. Бул онкологиялык ооруларды алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет, табылса дарылоонун эффективдүүлүгү максималдуу болот.

5-белги

Сизде ашказан жарасы бар. Ашказандын Helikobacter pylori бактериясы менен инфекциясын гастроскопия аркылуу гана анализдесе болот.

Сиз гастроскопиядан өттүңүз беле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт