// //

Чоңойгон баласы телефон чалбаган ата-энеге кеңеш

2023.04.09, 14:42
10099

Бир күн күттүңүз жок. Эки күн күттүңүз жок. Беш күн күттүңүз жок. Эмне үчүн балдарыңыз телефон чалбай жатат? Клиникалык психолог Денис Долгов мунун себебин  айтып берет. 

Балаңыз сизге өтө жакын болгон күндө да, эртеби-кечпи бөлүнөт. Башында бул кыйын болушу мүмкүн, айрыкча, ар бир кечти чогуу өткөргөнгө көнүп калсаңыз.

Бирок убакыт өтөт, балаңыз бой жетет, балалуу болот, өзүнүн түйшүгү, көйгөйлөрү жаралат. Ооба, ал сизди сагынышы мүмкүн, бирок ошондо дагы чалбайт. Ал эми буга көбүнчө өзүңүз күнөөлүүсүз.  

Ооба, "ал мени жакшы көрбөйт" деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында, себеп башкада. Бойго жеткен балаңыз менен мамилеңиз абдан "токсичный" болушу мүмкүн. Мисалы:

  • түгөнбөгөн сын (дагы канча жейсиң, карачы семирип кеттиң);
  • сурабаса дагы берилген кеңеш (тур тигинин баласы же кызы менен жолугушууга барып таанышып кел);
  • терс баа (сен көп иштейсиң, бирок дагы эле акчаң жок, сен кандай баласың деги);
  • жемелөө (30га жакындап калдың, качан турмуш курасың, башың кайда) ж.б.

Сиз "мен сага караганда жакшы билем" деп аны дайым башкара бересиз, ортоңордогу мамиле ушундай позицияда курулат.

Суралбаган кеңеш, орунсуз критика, терс баа берүү эч кимге жакпайт. Балаңыз сизге жылуу сезимдери болсо да, баарлашууну азайтууга аракет кылат, анткени өзүн дал ушул нерселерден коргойт. Сиз айтпасаңыз деле, анын өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ага кошумча көйгөй кереги жок. 

Кырдаалды кантип оңдоого болот? Балаңыз менен баарлашууну жагымдуу жана кубанычтуу кылууну сунуштайм. Чоңойгон бала өз жашоосун өзү чечет, кеңеш керек болсо сурайт.

"Токсичный" болууну токтотуңуз, жайдары болуңуз. Ошондо балаңыз сизге тартылат. Аны мактаңыз, керек болсо аяп коюңуз. Ошондо жыйынтыгы сизди таң калтырат.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт