// //

Сизди көрө албаган адам бул 4 нерсени жасайт

2023.04.04, 16:40
11234

Салам, достор! Бүгүн көрөалбастык жөнүндө сөз кылабызз. Айланадагылар сизди көрө албай турганын билдирген негизги 5 себеп жөнүндө айтып беребиз. Кеттикпи?

Сизге атандаша баштайт

Ким көп табат, ким кымбат белектерди сатып алат, ким жакшы кийинет, ким көбүрөөк "отжимания" жасайт ж.б. Мындай агрессивдүү атаандаштык жана  бардык жагынан сизден артык экенин далилдөөгө болгон аракети жакшылыкка алып барбайт. Ойлонуңуз, андай адам менен мамилени улантуунун кереги барбы?  

Сизге күнөөлүү сезимин сездирет

Кубанычтуу окуяңызды бөлүшүү үчүн жакын досуңузга же башка бирөөңүзгө келдиңиз дейли. Бирок ал адам куттуктагандын ордуна, кепти бат эле өзүнө буруп, көйгөйлөрүн айтып берет. Акыр-аягы, ушундай кыйналып турганында, аны кубанычыңыз менен капа кылганыңыз үчүн өзүңүздү күнөөлүү сезе баштайсыз. Бул жүрүм-турум, сизди манипуляциялоонун жана күнөөлүү сезимдерди пайда кылуунун дагы бир аракети, бул өз кезегинде сиздин ийгилигиңизге көз артуудан келип чыгышы мүмкүн.

Сиздин эмгегиңизди жокко чыгарат

Көрө албас адам жетишкендиктериңизди басынтат. Мисалы, алар сизди ийгиликтүү адамдар менен дайыма салыштырат. Сиздин бизнес миллион доллар таза киреше алып келдиби? Бирок Марк Цукербергдин компаниясы ага миллиарддарды алып келет. Экинчи жогорку билим дипломун алдыңызбы? Бирок ал кызыл эмес, көк. Таанышпы?

Сизди дайыма сындашат

Сиз башка компанияда көбүрөөк кирешелүү кызматты кабыл алсаңыз, "Эмне үчүн тобокелге бардың?" дешет. Сиз Мальдив аралдарында эс алууну пландаштырып жатсаңыз, "Түркияга эле барбайсыңбы!" дешет. Башка өлкөгө көчүп кетүү мүмкүнчүлүк тууралуу айтсаңыз, "Ал жакта эч кимге керегиң жок!" дешет. Психологдор мындай сын жашыруун көрө албастыктан болушу мүмкүн экенин белгилешет.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт