// //

Төрөткө чейин сатып алган бул буюмдарды баары бир колдонбойсуз

2023.04.03, 16:45
828

Баланын төрөлүшүнө канчалык аң-сезимдүү мамиле кылбаңыз, канча китептерди, курстарды окубаңыз, акыр-аягы маркетингге азгырыласыз. Бодилер, бөтөлкөлөр, өзү терметкен керебет, сүрөттөрү укмуш жалаяктар... Токтоңуз, тура туруңуз! Жакшылап ой жүгүртсөңүз чындап керек болгон жана акча коротпой турган нерселер бар. Аларды азыр айтып беребиз.

Баланы орой турган жайы бар комод

Чынында, балалуу болгондон кийин бул нерсени колдонбой деле каласыз. Балаңыз диванда телевизор көрүп отурганда, керебетте жатканда, же ашканада жүргөндө жалаягын булгап коюшу мүмкүн. Анан ар убак аны көтөрүп алып комодко чуркабайсыз. Башында чуркаганыңыз менен, аягында ага маани деле бербей каласыз. Ал эми баланын кийимдери үчүн шкафтын бир текчеси деле жетиштүү. Бул нерсени сатып алардан мурун жакшылап ойлонуңуз. 

Слинг

Баласын слингге салып алып сейилдеген ата-энелердин жарнамалары бул нерсени сатып алууга үндөйт. Анын үстүнө анын ушунчалык кооз түстөрү бар.  Бирок алты метр кездемени тегерете ороп жүрүү ыңгайлуу болбошу мүмкүн. Слингди сатып алардан мурун курбуларыңыздлан ижарага алып колдонуп көрүңүз. Себеби айрым ымыркайлар анда жатууну каалабайт. Ошондо ал сиз жана балаңыз үчүн канчалык ыңгайлуу экенин түшүнөсүз. 

Электрондук тараза

Учурда электрондук тараза ар кандай табитке жана бюджетке сунушталат. Бирок бул эң керексиз гаджет. Баланы айына бир жолу педиатрдын кабыл алуусунда таразага тартуу жетиштүү. Ашыкча чыгым болуудан алыс болуп, айына педиатрга эле барып туруңуз. Анын үстүнө баланы атайын адис тартып, көзөмөлдөш керек. 

Толтура кийим

Балдардын киийимдери ушунчалык кооз дейсиз, сатып албасаңыз уктай албай чыгасыз. Кичинекей байпактар, өзгөчө кепка жана шляпалар, блузкалар, футболкалар ж.б. Ал эми үч жашар баланын башына тагыла турчу аксессуарлар жөнүндө сөз кылуунун кажети деле жок. Бала тез темпте өсөт. Сатып алган нерселериңиз акыры кичине же чоң болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө, алгачкы күндөрү балаңыз менен сыртка анчейин деле көп чыкпайсыз. Балага чындап эле көп кийимдин кереги жок.

Сизде кайсы бири бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт