// //

Аялымды бир өөп албаганыма аябай өкүнөм

2023.03.29, 16:40
10642

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

Башында баары жакшы болчу. Ал мени кучактайт. Мен аны кучактайм. Ар дайым бетибизден сүйүп учурашып, сүйүп коштошот элек. Бирок, акыркы убакта муздай баштадык.

Балалуу болгондон кийин баары өзгөрдү. Көнүп калдык. Комфортко көнүп калдык. Көп урушуп, бири-бирибизди көргүбүз келбей баштады.

- Үйгө киргиң келбесе, жумушуңа эле калып калбайсыңбы?

- Эмне деп жатасың?

- Эмнени уксаң ошо! Ар дайым келгенден кийин машинаңда жарым сааттай отурасың. Эрте кирип балдарга каралашсаң болбойбу?

- Баштабачы!

-Баштайм! Чарчадым!

Дагы уруштук. Ооба, ал балдар менен үйдө. Ага кыйын. Түшүнөм. Бирок, бул сезимдеримди ачык айталбайм. Кучактап жакшы болот деп койбой, басып кетем.

- Мени бир кучактап, бетимден өөп койчу.

- Кайдагыны баштабачы. Жаштык кез өткөн.

- Кеп жаштыкта эмес, сенин жалкоолугуңда.

- Эмне?

- Аракет кылбайсың. 

Колумду шилтеп үйдөн чыгып кеттим. Жумушта отурсам суук кабар келди. 

- Өзүңдү карма... Бала бакчага бараткан экен... Жолдон машина сүзүп...

Жаназа. Эч нерсе түшүнө элекмин. 

Бир өөп албаганыма өкүнөм...

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келиним ооруп жатам десе ишенбей, боорсок бышыртканыма катуу өкүнөм

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт