// //

Күйөөм боюнда бар кылып таштап кеткен кыз экөөбүз сотко кайрылсак болобу?

2023.03.22, 10:52
4835

Саламатсызбы! Мен 2020-жылы турмушка чыккам. Жолдошум мамлекеттик  кызматта иштейт, ортобузда бир кызыбыз бар. Жолдошум биз үйлөнө элек кезде бир кыз менен сүйлөшүп, ал кызды кош бойлуу кылып таштап кетиптир. Ал арызданса ар кандай коркуттуулар болуптур. Азыр болсо мени бир кызым менен таштап кетип жатат. Алимент берүүдөн баш тартып жатат. ЗАГС бар, кайсыл жака кайрылсам болот. Ички иштер органына кайрылсам арыз карабай жатышат. Сотко кайрылсам эч кандай караган жок. Ал кыз дагы, мен дагы чогуу жазсак болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.03.2023, 10:53

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

1) Биринчи сиздин абалыңыз боюнча:

Алимент өндүрүү үчүн ички иштер органына эмес, сотко кайрылышыңыз керек. "Алимент өндүрүү боюнча доо арыз" менен өзүңүз же жолдошуңуз жашаган райондогу сотко кайрыласыз.

Арызды туура жазып, тиркелчү документтерди толук тиркеп алып барсаңыз алар кароого милдеттүү. Эгер, соттун канцеляриясы сизди карабай жатса, анда Төрагага кирип даттансаңыз болот.

2) Тиги кыздын абалы боюнча:

Ал коркутуулар боюнча реалдуу далилдер менен милицияга кайрылышы керек.
Ал эми, ал дагы баласына алимент өндүртөм десе сотко "аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү боюнча доо арыз" менен кайрылышы керек болот.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт