// //

27 жыл "балам жок дебей" жашаган күйөөмө рахмат

2023.03.21, 13:48
8779

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Төрөткананын баарын ыйлаттык. Медайымдар, врачтар, кароолчу байке баары ыйлашты. Күйөөм экөөбүз кызыбызды унутуп кучакташып ыйладык. Ата-энебиз, туугандар баары бизден кечирим сурап ыйлашты. Бул бакытты 27 жыл күттүк.

Күйөөмдү көрүп эле чуркап барып кучактадым. Менин жакыным. Менин тоом. Менин коргоочум. Мени коргойм, мага сөз тийгизбейм деп жүрүп жүрөгүң да оорукчан болуп калды. Колумду кое бербегениң үчүн кудайым сага бала берди. Мага көрсөткөн сыйың үчүн ата болдуң. Мен сени канчалык сүйөрүмдү билсең кана.

Климакс болуп калдым дедим. Гинекологдун кабинетинен кантип чыкканымды билбейм. Төрт ай ичимди бекитип жүрдүм. Сага айтып, кур үмүт бергенден корктум. Өзүм ишенбедим. Жүрөгүңдү ооруткум келбеди. Врач баары жакшы, балабыз сонун десе да ишене албай жүрдүм. Айтууга сөз келди. 

Элдер бизди мерез кылды. Балабыз барбы же жокпу сурап жүрөктү жаралады. Акылсыздар. Эмнеге ушул суроону бересиңер? Эмнеге бирөөнү табалайсыңар? Эмнеге мени туубас катын дейсиңер? Эмнеге күйөөмө ажыраш дейсиңер? Силердин акылсыздыгыңарды кечирбейм.

Күйөөм ажырашпайм деген. Күйөөм экөөбүз үй-бүлө экенибизди айткан. Үй-бүлө балада гана эмес экенин айткан. Колумду кое берген жок. 

48 жашта ата-эне болдук. Кызыбыз куурчактай эле. Аны менен эмне кылабыз билбейбиз. Кантип оройбуз деле билбейбиз. Суктанып коюп эле жатабыз. Ыйласа экөөбүз ары-бери чуркайбыз. Биз ата-эне болдук.

27 жыл "балам жок" дебей жашаган күйөөмө рахмат. Мени элге окшоп басынтпай жашаганыңа рахмат. Биз кыздуу болдук. Төрөткананын баары ыйлады.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт