// //

Эмчегимде шарик сымал бир нерсе пайда болду. Адистер жооп берет

2023.03.20, 11:23
1407

Салам, достор! Бүгүн маммологго байлынышту суроолорго адистерден жооп алып бердик. Бул белгилер сизге да тааныш болсо, тезинен дарыгерге барыңыз. 

Жакында эле бир эмчегим экинчисинен чоң болуп калганын байкадым. Мурда бир аз айырма болгон, бирок азыр ачык байкалып калды. Анын үстүнө менде гормоналдык бузулуу бар болчу. Эмне кылсам болот?

- Гормоналдык оорулар сүт бездеринин асимметриясына алып келиши мүмкүн. Өтө сейрек учурларда гана ассиметрия балалыктан пайда болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда маммологго, балким, кийинчерээк пластикалык хирургга кайрылуу зарыл.

Көкүрөгүмдөн шарик сымал бир нерсени сездим. Эмне кылышым керек?  Баламды эмизгениме бир жыл болду. Жакында эле, эмчегимдин терисинин астынан кыймылдаган кызыктай шарикти сездим. Бул эмчек эмизүүгө байланыштуу пайда болушу мүмкүнбү? 

- Көкүрөктөгү бул "шарик" эмчек эмизүү учурунда пайда болушу мүмкүн. Бул жагдайда, көп кабатыр болбоңуз. Лактация мезгили аяктагандан кийин сүт бездерин УЗИге түшүрүп, маммологго кайрылыңыз. Көрбөй туруп кырдаалды баалоо кыйын.

Сол көкүрөгүм оорутуп, ал ийинге жана колго берип жатат. Абдан кызыктай болуп ооруп жатат, тартылышып. Эмне кылсам болот?

- Мындай кырдаалда невропатологго барып, көкүрөк омурткасын текшерүү керек. Мындай белгилер кабырга аралык невралгияда жана жүрөк патологиясында пайда болушу мүмкүн. Сиз ЭКГ жасашыңыз керек.

Ден соолукта болгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт