// //

Сүйлөп жатсам күйөөм уктап калат. Эмне кылсам болот?

2023.03.13, 12:48
2942

Саламатсызбы! Психологдун кеңешине муктажмын. Жакында эле төртүнчү балабызды төрөдүм. Төрөттөн кийинки депрессияга түштүм окшойт, ыйлагым эле келип жатат, эч нерсе кылгым келбейт, тамак да табитим тартпайт. Жолдошуман жакшы сөз, көңул буруу, колдоо күтөм. Бирок анын мени менен иши жок, курсагы тойсо, талаадагы жумуштарын жасаса, анан достору менен жолугушуп турса эле болду. Кечинде келгенде, сүйлөшүп отуралы, деп өз ойлорумду айтсам, укпайт, сүйлөп жатсам уктап калат. Кантип алаксысам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2023, 12:49

Асель Баимбетова

Психолог

Саламатсызбы! Бешик бооңуз бек болсун! Менин сизге боорум ооруп турат. Ар бир аял күйөөсүнүн колдоосуна, жакшы мамилесине муктаж.

Балким, буга чейин сиз андан көңүл бурууну, жардам берүүнү суранчу эмессиз, бардыгын өзүңүз жасап көндүрүп койгонсуз. Ал эми азыр төрөттөн кийин организмиңиз алсызданып турган кези, гормондор да өз калыбына келе элек. Сиз анын колдоосуна зар болуп жатасыз, үйдөгү түйшүктү тең бөлүшүүсүн, бирге отуруп кобурашуусун күтөсүз.

Тилекке каршы, күйөөңүз андайга көнгөн эмес, жана мындай мамиленин зарылчылыгы жок деп ойлойт. Демек кайра башынан үйрөтүү керек.

Андан күткөн нерселерди конкреттүү, ачык жана жайдары айтыңыз. Четин чыгарып, “намёк” кылып, күнөөлөп, нааразы болуп, таарынып эмес.

Мамилени кайрадан башынан курууга көп убакыт, сабырдуулук, чыдамкайлык керектелет. Бирок, ортоңордогу карым-катнашты жаңы деңгээлге көтөрүп алсаңыз, жашооңор жакшы жагына өзгөрөт.

Бактылуу болуңуз!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт