// //

Эгер сизде бул белгилер болсо, анда өзүңүздү сүйбөйсүз

2023.03.13, 12:13
5081

Салам, достор! Бүгүн биз силерге өзүн сүйбөгөн адам кандай аракеттерди жасай турганын айтып беребиз. Эгер булар сизге тааныш болсо, өзгөрүү тууралуу ойлонуп көрүңүз. 

Диета менен өзүңүздү кыйнайсыз

Өзүңдү бир формада алып жүрүү боюнча эң кеңири тараган жаңылыш түшүнүк: "Эгер арыктагың келсе, азыраак же". Кээ бирлери бул фразаны түз мааниде кабыл алып, ашыкча салмактын себептерин түшүнбөстөн эле диетага отуруп, өздөрүн кыйнай беришет. Ал эми кээде ашыкча килограммдар - адамдын башында гана болот. Алар белгилүү бир стандарттарга жооп берүү үчүн өзүн ачкачылыкка түртөт. Мунун баары кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Өзүн сүйгөн адам даамдуу жана балансталган тамак жейт. Ал эми салмагы ыңгайсыздыкты пайда кыла баштаган болсо, дарыгерге кайрылып, биринчи кезекте көйгөйдүн себеби аныктайт. 

Ыңгайсыз кийим киесиз

Өзүңө жаккан кийимди кийгенде, дароо өзүңүздү ишенимдүү сезесиң. Ал эми кээ бирөөлөр ыңгайсыздыкка карабай, стандарттарга жооп берүү үчүн дем алууга мүмкүн болбой турган тар көйнөктөрдү, капталын жана курсагын чыгарып койгон тар джинсыларды же бутту өйкөгөн бут кийимдерди кийишет. Мунун пайдасы бар деп ойлойсузбу?

Коркунучтуу сулуулук процедураларын жасайсыз

Косметологго, чач тарачка же массажистке баруу - бул өзүңө кам көрүү. Бирок чектен чыгып кеткендер дагы бар. Сулуулук индустриясы сунуш кылган кээ бир манипуляциялар оорутуу менен коштолот, коркунучтуу жана таптакыр маанисиз. Мисалы, целлюлитке каршы жана моделдөөчү массаж денени көгала кылса, кирпиктерди узартуу көздүн шишигине же сезгенишине алып келиши мүмкүн. Ал эми пластикалык хирургия өлүмгө чейин алып барчу кесепеттерге ээ. Көбүнчө адамдар мунун баарын өздөрүн сүйгөндүктөн эмес, өздөрүн кандай болсо, ошондой кабыл албагандыктан жасашат.

Ар дайым баарына жардам бересиз

Бирөөгө жок дей албай, ал үчүн өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды, убактыңызды, күчүңүздү жана акчаңызды курман кыласыз. Башкача айтканда, өзүңүздү эмес, башкаларды биринчи орунга коюуңуз. Кээде мындай жүрүм-турумдун себеби жаман адам болуп көрүнүүдөн коркуу, мактоого муктждык болушу мүмкүн. 

Өзүңүз жөнүндө жаман сөздөрдү айтасыз

Өзүңүз жөнүндө кандайча сүйлөгөнүңүз, мотивацияңызды, дүйнөгө жана башка адамдарга болгон көз карашыңызды аныктайт. Эгер дайыма өзүңүздү  келесоомун деп атасаңыз, ийгиликке жетпейм деп кайталасаңыз, анда бир нерседе ийгиликке жетүү кыйыныраак болот. Буга кошумча өзүңүздөн үнөмдөйсүз. кчаңыз жетип турса дагы эски кийимдерди кийип, эс алууну арткы планга жылдырасыз.

Булар сизге таанышпы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт