// //

Келинимди алып кеткени баргыча кечигип калыпмын

2023.03.10, 15:04
14047

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бүгүн курбуларым менен шеринеге барып келдим. Кезеги келген курбум кой союптур. Тарткан жилиги могу кекиртектен өтпөй койду. Салатты чукулап ойлуу отурганымды баары байкашты. Кой, көптүн көңүлүн бузбайын деп, бир шылтоо таап үйгө баса бердим. 

"Апа, эмне алып келдиңиз?" Тойлордон келсем, түндөп болсо да чуркап тосуп алчу. Экөөбүз отуруп алып кайрадан чай ичет элек. Мен толтура ушак айтып, түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтөм. Ал өз окуяларын айтат.

Уулум ай, берекем ай, сен дагы бактылуу болосуң, мага ишенип кой.

Келинди сыйлаган кайын эне эки эсе бактылуу болот экен. Үйдөгү орду өзгөчө эле. Ал келин болуп келгенден бери, жашоом түп тамыры менен өзгөргөн болчу. Мен курбуларымды унутуп деле калгам. 

Аты жаман оору жабышып алды. Күн сайын алсызданып баратты. "Апа, үйүмө жеткизип коюңузчу, суранам, бала кезимде жаткан бөлмөмдө уктагым келип жатат." Айтканын аткардым, өз колум менен өз үйүнө алып бардым. Уулум жанында калды. 

Жок, алып кетем! Бир күндөн кийин эле чыдай албай кайра жөнөдүм. Аттиң, кеч калыпмын. Коштошо да албай калыпмын. Башын мыкчыган уулум сыртта отуруптур. 

Уулум ай, берекем ай, сен дагы бактылуу болосуң, мага ишенип кой.

Сагындым. Келинимди сагындым. Билем, убакыт жаратымдын үстүн дарылайт. Ай балам ай, мынча шаштың. Сага ыраазымын. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт