// //

Кодировка жасатса эле арак ичпейби? Наркологдор мифтер тууралуу айтып берет

2023.03.06, 11:24
1193

Салам достор! Бүгүн биз силерге Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистеринин кодировка боюнча кеңири тараган мифтер тууралуу берген маалыматы менен бөлүшөбүз. Сөзсүз билип алыңыз. 

1-МИФ. Кодировка психиканы жана мүнөздү өзгөртөт

Калк арасында бул процедура зомбилештирип, депрессияны жана апатияны козгойт деген пикирлер бар. Чынында андай эмес. Кодировка спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу гана салат. Ал эми туруксуз эмоционалдык абал алкоголдук көз карандылыктын көрүнүшү болуп саналат. Дарылоо аяктагандан кийин пациенттин абалы калыбына келет.

2- МИФ. Ичимдик ичпеш үчүн, кодировка кылуу керек

Алкоголдук көз карандылыкты комплекстүү түрдө дарылоо зарыл: алкоголдук ичимдиктерге болгон мамилени өзгөртүү, өзүн-өзү башкаруу механизмдерин жана күчтүү мотивацияны иштеп чыгуу, көз карандылыктан кийин реабилитациядан өтүү ж.б. Кодировка жөн гана сергектикти сактоого жардам берет. 

3-МИФ. Кодировка иштебейт

Албетте иштейт! Дары организмге куюлгандан кийин, алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырбаш керек, эгерде ичип алса катуу ууланууну жаратат. Дары канга киргенден тарта эффект сакталат.

Сиз бул тууралуу билчү белеңиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт