// //

Сиңдимдин жолдошу кечке чалып көзөмөлдөй берет. Кантип жардам бере алам?

2023.03.03, 16:40
1682

Сиңдим 25 жашта. Үй-бүлөлүү. Кайын энеси, жолдошу, бир кыз, бир баласы менен жашашат. Алты жылдан бери үйдө, үй жумушу, балдары менен алектенет. Финансылык жактан жетиштүү, жакшы жашоосу бар. Бирок, сиңдим базарга же бир жактарга чыкса, жолдошу тынымсыз телефон чала берет. Качан келесиң, эрте кел ж.б ушундай сөздөр. Кызганычтан тажадым дейт. Кол көтөрбөйт, урушпайт дейт. Болгону кенен эки жака баралбагынына капа боло берет. Мындай тыюу мага жакпайт дейт.

Өз ара жолдошу экөө бул темада канча сүйлөшүп, чече албай келээрин айтат. Кайненеси менен чогу жашап жатканына да нааразы экени байкалат. Жолдошу бир үйдүн жалгыз уулу.

Акыркы кундору маанайы жок, бир жакка кетким келет дейт. Өзүнө деген кийимди да жакшылап албай калды. Бул абалдан чыгууга бир тууганыма кантип жардам бере алам. Жакында диплом алды. Бала бакчага жумушка кирсем деп турат. Жумуш менен алаксып өзгөрүлөбү?  Деги сиңдимдин тынч жашоосу канткенде жакшы болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.03.2023, 16:44

Айдана мадишова 

Психолог 

Саламатсызбы!
Сиңдиңиз үй жумуштары, бала чоңойтуу менен алектенип чарчаган болсо керек. Бул маселени чечүү үчүн албетте жаңы жумуш, эс алуу жана башка жаңы нерселер менен алектенүүсү керек. Күнүмдүк жашоо адамды чарчатып жиберет. Себеби билинбегени менен үй жумуштары өтө оор.

Ал эми жолдошу менен болгон мамиледе ишенбестик бардай сезилет. Эгер ишенбестик бар болсо бул мамилеге терс таасир берет. Мамиледе ишенич болуусу үчүе үй-бүлөлүк психологго барып иштешүүсү керек.

Сиз эже катары сиңдиңизди колдоп, анын сырларын угуп, түшүнүү менен мамиле кылыңыз. “Эгер жардам керек болсо мен ар дайым жаныңдамын” деген сыяктуу колдоочу сөздөрдү айтыңыз. Кеңеш берүүдөн, акыл үйрөтүүдөн алыс болуңуз. Себеби бул сиңдиңиздин сизден алыстап кетишине себеп болуп калышы мүмкүн.

Сиздерге ийгилик каалаймын. 🌸


Психолог Айдана Мадишова менен @madishova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт