// //

Сиңдиме тийишкен жездеме кандай чара көрүлөт?

2023.03.01, 16:38
1657

Саламатсызбы! Мен 2 жыл Москвада жүрүп, жакында эле шаарга келгем. Сиңдим эжем, жездем менен жашап жаткан. Сиңдим экөөбүз сүйлөшүп олтурганда ал мага муну айтты: "Мен сизден башка эч кимге айта албадым. Үйдө мен жалгыз калганда жездем мени кучактап, бул жака жат деди. Мен коркуп аркы үйгө кирип кыйкыргам. Бир маалда болду эч нерсе кылбайм деп, эшикке чыгып кетип калган. Анан келип эч кимге айтпа деп 500 сом берди, мен алган жокмун. Эжеме айтайын десем, жездем экөө ажырашып кетпесин деп айта албадым." Мен азыр эмне кыларымды билбей жатам. Кандай кылып жардам бере алам? Кимге айтып кеңеш сурайм? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.03.2023, 16:38

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Мыйзам боюнча мындай учурда милицияга барып арыз жазуу керек. Анткени, бул жерде жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы, инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштын курамы болуп, жездеңизге КР Кылмыш-Жаза кодексинин 156-158 беренелери боюнча айып коюлушу мүмкүн. Сиңдиңиз 16га чыга элек болсо жаш балага карата жасалган ыплас аракеттер үчүн берилчү жаза - жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу.

Дароо милицияга барып арыз жазасыздарбы, эжеңизге жеткирбей жездеңиз менен бир сыйра сүйлөшүп, эсептешесизби - чечимди өзүңүз кабыл аласыз.

Ошондой эле, сиңдиңизди дароо ал жактан көчүрүп кетишиңизди туура көрөм. Курбулары менен башка батирге чыкса да, ал жакта жашабаганы дурус.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт