// //

Күйөөмдү басынбасын деп бул кадамга барганыма өкүнөм

2023.02.13, 11:43
17024

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Мен барбай эле коеюнчу. 

- Биз сүйлөшпөдүк беле.

- Ата-энең дагы акчасын санап мени басынтышат да.

- Андай дебечи, алар бир гана сага жакшылык каалашат. 

- Ооба, аябай каалашат.

Төркүнүмө тойго барарда ар дайым экөөбүз бир сыйра урушабыз. Ооба, мен "байдын кызымын", ушул сөз жакпайт, бирок айла жок угам. Ата-энемдин байлыгы менен мени басынткандар көп. "А эмнеге силер тытынып иштеп, ошондой бай болбойсуңар?" деп сурасам унчугушпайт. Жашоого жоопкерчилик алып, бутка тургандан көрө, байлыкты кир деп, бирөөнү жамандаган оңой да, туурабы?

Ата-энем өз эмгеги менен бутуна турган адамдар. Алар дагы суукта иштеп, ден соолугунан ажырап, ар бир тыйынды маңдай тери менен тапкандар. Ооба, менин туугандарым бай, мен байдын кызымын, аттиң сүйгөнүм муну түшүнө албай койду. 

Күйөөм катардагы эле жумушчу. Мен ага турмушка чыгып жатып муну жакшы түшүнгөм. Ушул күнгө чейин ага татыктуу болуп жашап келдим. Аны колдоп, ар бир иш баштаса, анысы болбой калса жанында болдум. "Мен жаныңдамын" деп айтып жаттым. Чет өлкөдөгү жумушуман, кымбат кийимдерден, алтындардан, ар бир мага карата келген мүмкүнчүлүктөрдөн баш тарттым. 

Эсимде, бир жолу дүкөндөн сонун көйнөк көрдүм. Баасы күйөөм үчүн өтө кымбат болчу. Өзүм сатып алып, үйгө алып келип бекитип койдум. Ушул күнгө чейин ошол көйнөктү кие элекмин. Күйөөм мага алып бере албаганы үчүн басынбасын дедим.

Туугандарым күйөөмдү жамандаса дагы ал тарапта болдум. Ал бизнес баштап жатат, мына бай болобуз, бутубузга турабыз деп коргодум. Ар дайым аны алдыга сүрөп жаттым.

Жообуна эмне алдым дебейсиңерби? Башка бирөөсү бар экен.

"Сенин акчаңдын жанында басынгандан уялдым!" Эмнеге бул ишке барганын сурасам ушинтти. Мен ошондо жарылдым.

"Сен үчүн жасаган курмандыктарымды көрбөдүң. Сен үчүн кымбат кийим, жакшы жумуштан баш тартканымды көрбөдүң. Батирим турса дагы, сени менен батирлеп жүргөнүмдү көрбөдүң. Кой, бутума турам дегендин ордуна, сезимдеримди тепселедиң. Менин ата-энемдин акчасын гана айтып туруп алдың. Ушундан кийин сени күйөөм дегим келбейт. Ачык эле айтайын, кеп менин ата-энемдин акчасында эмес, сенин коркоктугуңда. Сен биздин сүйүүгө чыккынчылык кылдың. Мен сага эркек болгонду үйрөткүм келбейт. Анткени сен эч качан андай болгон эмессиң."

Шкафтан баягы көйнөгүмдү алып чыгып кийдим дагы, келечекке карай чыгып кеттим. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт