Оозумдагы жыттан кантип арылам?
2018.02.19, 14:35
1407
Менин жашым 16да. Менин тамагымдагы ангинамда ак тешиктер бар. Ошол жерден кичине ак жагымсыз бир нерсе чыгат, ал эмне?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2018, 14:37
Таттыгүл Агыбаева
лор
Сенин ооруң өнөкөт тонзиллит. Оозуңдан жагымсыз жыттын чыгып жатканынын себеби жана тамагыңдагы ак тешиктер тонзиллиттин өнөкөт болуп кеткенинин белгиси. Алар жыттанат, өзүнөн таксиндерди бөлүп чыгарат. Бул нерсе организимден жүрөккө, бөйрөккө, муундарга зыянын берет. Ошол себептен ак тешиктердин баарын жуудуруп, убагында тазалатуу абзел. Бизде “Тонзиллор ММ” деген аппарат бар, аны менен ангинаны тазалап, дарыласа болот.
0
Пайдалуу жооп