// //

Кыл кыякчы болом дегендерге Гулнара Сыдыкбековадан кеңеш

2023.01.26, 11:56
2363

Салам, достор! “Даңк” орденинин ээси, Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде 37 жылдан бери эмгектенип келаткан өзгөчө талант Гулнара Сыдыкбекова кыл кыякчы болом деге жаштарга кеңеш берди. 

Сезимтал болуңуз

Кыл кыяк адамдын жан дүйнөсүн ойгото турган өзгөчө аспап. Ошондуктан, кыл кыякчы өтө сезимтал болуш керек. Кыл кыякты сүйбөсөңүз, эч качан аны үйрөнө албайсыз. Аны жан дүйнөңүз менен сезип, сүйүп, жакшы көргөндө гана үйрөнө аласыз.

Чыдамкай болуңуз

Кыл кыякка чейин комузда ойноп келгем. Алгач кыл кыякты колума алганда кылдары ушундай катуу экен. Чынын айтайын, башында чыдай албай ыйлаган күндөрүм болду. Эми кантип ойнойм деп өзүмдү жеридим. Мага чыдамкайлык сапатым жардам берди. Бара-бара бул аспап мага жага баштады, мен аны сезе баштадым. Агайымдын "алты деген баа болсо, ошону сага коет" элем деген сөзүн угуу мен үчүн сыймык болду. 

Көп убакыт машыгыңыз

Эч бир нерсе заматта боло койбойт. Кыл кыякчы болгуңуз келсе, көп машыгууга даяр болуңуз. Кыл кыякта дүйнөлүк классикаларды ойносо болот. Убакыттын баары машыгууга кетет. Жылдар, көп эмгектер талап кылынат. Бирок, акыр аягы мээнетиңдин акыбтеи кайтат. Болгону машыга бериш керек. 

Кыл кыякчы болом деген жаштарга, максатынын орундалышын каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт