// //

2023-жылы бул стипендияларга тапшырып, билимиңизди жогорулатууну унутпаңыз

2023.01.13, 13:15
1143

Салам, достор! Чет өлкөдө билим алууну кыялданасызбы? Анын үстүнө акысыз окуп, жакшы окуганыңыз үчүн стипендия алгыңыз келеби. Анда, бул программаларга тапшырып көрүңүз. 

Chevening Scholarship

Дүйнө жүзүндөгү студенттерге Улуу Британиядагы университеттерде магистратурада окууга мүмкүнчүлүк берген эл аралык стипендия. Ичине төмөнкүлөрдү камтыйт: ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр, транспорт чыгымдары, диссертациялык изилдөө үчүн грант, виза, окуу акысы.

DAAD

DAAD же Германиянын академиялык алмашуу кызматы 1925-жылы студенттик демилге катары башталган. Бул Германиянын 242 университетин жана 104 студенттик уюмун бириктирген коомдук уюм. Стипендия бакалавр даражасына ээ болгон таланттуу студенттерге берилет. Искусство жана архитектура жаатындагы талапкерлер үчүн DAAD өзүнчө программаларды сунуштайт.

Fulbright

Грант тандаган программа боюнча АКШ университетинде окуу акысын толугу менен төлөөгө мүмкүндүк берет. Ай сайын стипендия, медициналык камсыздандыруу жана транспорт чыгымдарын камсыз кылат.

Global Korea Scholarship

Түштүк Корея өкмөтүнүн стипендиялык программасы. Чет өлкөлүктөргө Кореянын университеттеринин биринде жогорку билим алууга мүмкүндүк берет.

Кайсы мамлекеттен билим алгыңыз келет?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт