// //

Айызым келер алдын бир көкүрөгүм чымырап ооруйт. Эмне болушу мүмкүн?

2023.01.13, 10:07
4106

Саламатсызбы! Айызым келер алдын бир көкүрөгүм чымырап ооруйт. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2023, 10:08

Канымбу Каратаева

Маммолог

Саламатсызбы! Бул нерсе гормондордон көз каранды. Себеби айыз келерде организмде эстроген деген гормон көбөйөт, прогестерон азайып кетет. Прогестерон гормону жакшы жетишпегенден улам, көкүрөктө өзгөрүүлөр пайда боло баштайт. Көкүрөктөгү рецепторлор ал гормонду ашыкча алып алат дагы, анан ичиндеги бездер гормондун эсебинен чоңоюп, оорута баштайт. Булардын баары гормондон көз каранды. Бир эле тарап болсо, өтө деле коркунучтуу эмес. Гормондордон боло турган болсо, эки тарап тең оорушу керек. Бир тарабыңыз эле ооруса, ал тараптагы рецепторлор, экинчи көкүрөккө салыштырмалуу бир аз сезимтал болушу мүмкүн. Ошентсе дагы, УЗИден сөзсүз өтүңүз, балким башка себеби чыгат, сизди текшермейин эч нерсе айта албайбыз. 

Маммолог  Канымбу Каратаева менен инстгарамдагы mammolog.kg баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт