Бул 5 ыкма менен белек сатып алсаңыз, капчыгыңыз жукарбайт
Жаңы жыл келатат, жакындарга белек алыш керек. Бул абдан сонун процесс. Бирок, көпчүлүк бюджетти туура эсептегенди билбей, акчасы жок калышат, жадакалса карызга батып кетишет. Кирип келген жылды карызы жок тосом десеңиз, бул ыкма менен белек сатып алыңыз.
Бир айда бир белек
Биз кетирген эң чоң каталардын бири, бир барып туруп толтура белек сатып алуу. Анан кантип капчык жукарбайт! Сапаттуу белек алгыңыз келеби, анда планды айларга бөлүңүз. Жаңы жылга даярдыкты жазында эле баштаңыз. Бир айда бир же эки белек сатып алыңыз. Ошентип жыл бүткүчө жакындарыңызга белек чогултуп коесуз. Бюджетке да доо кетпейт.
"Черная пятница" же кешбэк
Бул акчаны үнөмдөөнүн абдан пайдалуу жолу. Бул күндөрү сиз чоң арзандатуулар менен көп белек сатып алаласыз. Эгер бул ыкманы колдонсоңуз, анда декабрда ызы-чуу болуп, кампада калган нерсени шашылыш сатып алуунун кереги жок болуп калат.
Белек баасын бөлүү
Апаңызды жаңы жылда бир кубанткыңыз келди дейли. Мындай учурда туугандар менен чогулуп, жакшы бир белектин акчасын ортого бөлүп сатып алсаңар болот. Ошондо сизге да чоң жүк болбойт, капчык да кайгырбайт.
Пайдасыз кичинекей белектерден баш тартуу
Мисалы, открыткаларга жана жаңы жылдык оюнчуктарга ашыкча акча коротуунун кереги жок. Булардын ордуна жаңы жылдык спектаклдерге билеттерди сатып алган жакшы, бирок башында айткандай алдын ала сатып алыш керек.
Жаңы жылдык арзандатууларга ишенбеңиз
Дүкөндөрдөгү жаңы жылдык арзандатуулар дайыма эле реалдуу боло бербейт. Дүкөндөргө ишенүүдөн мурун, башка жерлерден дагы ал товарлардын баасын текшериш керек.
Пайдалуу болсо жүрөкчө басыңыз.