Каза болгон жигитимдин үйүнө келин болуп барганымды билбепмин
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Студенттик кез. Ал менин биринчи сүйүүм болчу. Окуудан башым чыкпаган жаным, кыз-жигит болуу эмне экенин аны жолуктурганда билдим. Мени ар дайым университеттин алдында күтүп турат эле. Кыштын күндөрү боорум ооручу. Мен чыккыча жука кеда менен курткачан тоңуп калчу. Ошондо дагы, "үшүгөн жоксуңбу, курткамды берейинби" дейт эле. Курткасын албаш үчүн болушунча жылуу кийинип келет элем.
Күзүндө окууга келип таппадым. Жайында экөөбүз тең айылдарыбызга жөнөп кеткенбиз. Сентябрды аябай күттүм. Мына жолугабыз деп турганда, жок болуп кетти. Телефону өчкөн. Таштады деп ойлодум. Ооба, таштаптыр. Бирок башка кызга эмес...
Досу авариядан каза болгонун айтты. Анда жаш экем. Тынбай ыйладым. Бирок, айылына, үйүнө барбадым. Кош деген боюнча калдым. Апам дагы келечегим алдыда экенин айтты. Ишенбедим. Бирок, апамдыкы туура болуп чыкты.
- Бул улуу балам болчу. Жол кырсыгынан каза болуп калган. Берекем, аябай кичипейил эле. Сүйлөшкөн кызын дагы таанышьтырганга үлгүрбөдү.
Мен шок. Бир убакта келин болуп келем деген үйгө келдим, бирок жигитиме эмес, анын инисине. Сүрөттө жигитим күлүп турат.
Күйөөмдүн апасы кичинесинде каза болуптур, аны апасынын сиңдиси, менин маркум жигитимдин апасы багып чоңойткон экен. Мына кызык...
Кайын энем ушундай ак көңүл аял. Кудум ага окшош. "Үшүгөн жоксуңбу, каралдым" деп сураганда бир кездеги сүйүүмдү эстейм. Бирок, бул сыр ичимде калып кетет.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди