Төрттөгү кызым чаң соргучтун үнүнөн коркот. Эмне кылсам болот?
2022.12.01, 14:51
1497
Саламатсызбы! Кызым төрт жарым жашта. Чаң соргучтардын, кир жуучу машинанын үндөрүнөн, атор, "шумдан" коркот. Кантип жок кылса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.12.2022, 14:51
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы! Төрт жарым жашта болсо, анда, аң сезимдүү куракта экен. "Шумдардан" коркуп калуусунун себептери бар. Мисалы, баланын буга чейин коркуусу бар болсо, ал аны улантып кете бериши мүмкүн. Бала үчүн ызы-чуу жамандыктын белгиси болушу мүмкүн. Мисалы, чаң соргучтун үнү менен ата-энесинин кыйкырышын бирдей кабыл алышы ыктымал. Бул жерде себеп чаң соргучтун үнүндө эмес, башкада. Ошону таап, жок кылыш керек. Кызыңыз менен ачык сүйлөшүңүз же жакшысы психологго чогуу барып кеңеш алып коюңуз.
0
Пайдалуу жооп