Күнөскана иштетип күнүнө 3-5 тонна түшүм алган ишкер үй-бүлөнүн ийгилик сыры
Бишкек шаарынын тургуну Пазыл уулу Бакытбек жубайы Аида Бекбоева экөө былтыр “Айыл Банктан” кредит алып күнөскана бизнесин башташкан. Алар жалпысынан 80 сотых жерге помидор жана бадыраң эгип, түшүмүн дүңүнөн сатышат. Учурда алар айыл чарба тармагында арбын кирешелүү бизнести жолго коюп алышты. “Бул үчүн бизге “Айыл Банк” жардамга келди” деп кубануу менен айтышат.
"30 тоннадан ашык бадыраң саттык"
2020-жылы Бишкектин жака белиндеги Теңдик жаңы конушунан 3 гектар жер сатып алып, алгач 40 сотых жерине күнөскана курдук. Мурда-кийин күнөсакана менен иштеген эмеспиз, тобокелчиликке барып, иш баштадык. “Айыл Банктын” 6%дык жеңилдетилген кредити биздин ишкерчиликке ылайык экен. Ошондуктан, оболу бир жылга жеңилдетилген кредит алып, бадыраң жана помидор өстүрдүк. Кудайга шүгүр, мол түшүм алдык, 30 тоннадан ашык бадыраң саттык. Кирешебиз жакшы болуп, кредитти мөөнөтүнөн эрте жаап салдык да, быйыл да көбүрөөк суммада 5 жылдык мөөнөткө кайра кредит алдык.
40 гектарга курган мурунку күнөсканадан сезон маалында 30 тоннадан ашык бадыраң саттык. Күн алыс Сары-Өзөн базарынан келишип, 800 кг дан 1 тоннага чейин түшүмдү дүң сатып алып кетишчү. Ал эми помидорду күн алыс 2,5-3 тоннага чейин саттык.
Күнөсканада иш жеңил эмес
Эгинди тиккенден, багып-өстүргөнгө чейинки түйшүгү оор. Үшүтпөй, көмүр жагып, температуралык норманы бир калыпта кармап туруу керек. Өзбекстандан мыкты 3 дыйкан алып келгем, алар жатып иштеп, мага жардам беришет. Алардан башка, түшүм жыйноо маалында дагы 10 чакты жумушчулар иштешет.
Ал эми быйыл дагы 40 гектар жерине жаңы күнөскана курдук. Ал жерге да помидор менен бадыраң эктик. Буйруса, ишкерчиликти дагы кеңейтүү пландарыбыз бар.
“Айыл Банкка” ыраазычылык билдиребиз
Ишкерлерди колдоо максатында жеңилдетилген керидит берип жатышканы колдоого алаарлык. Кандай гана кредит болбосун, максаттуу пайдалансаң, жолун табасың, бутка турасың, аны менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошосуң.
"Айыл Банк" сизге жакын!