// //

Жигитимди “бабник” деп ойлойм. Андан кантип кол үзсөм болот?

2022.11.22, 10:31
2796

Саламатсызбы! Мен бир бала менен үч жарым жыл сүйлөштүм, бири-бирибизди жакшы билип калганбыз. Ар дайым ага сүйлөшпөй эле коелу, - деп тажата берем. Себеби аны “бабник” деп ойлойм. Бирок жигитим макул болбойт. "Болду, токтотолу!" дейм дагы, анан кайра эле өзүм байланышып алам. Жигитимди аябай жакшы көрөм. Анан кайра кыйналам. Сураныч, ушул көйгөйдү чечип берип коюңузчу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.11.2022, 10:31

Асель Баимбетова

Психолог

Сиз сүрөттөп жаткан мамилелер психологияда жетиле элек, көз каранды мамиле, деп аталат. Сиздин эмоционалдык абалыңыз ал жигиттин бар-жогунан көз каранды экен.

Мындай мамиле курууга бала кезде сизге жасалган мамиле да таасир этиши мүмкүн. Балким, сиз атасы жок үй-бүлөдө өскөнсүз, же атаңыз болсо деле сизге аз убакыт бөлгөн. Бул шартта чоңойгон адам кийин өнөктөшүн этектей берет. Ансыз, жашай албачудай болуп, жалгыз калуудан коркот.

Өзүңүздүн психологиялык сабаттуулугуңузду өстүрүңүз, интернетте “көз карандылык мамилелерден кантип чыгуу керек” (Как выйти из со-зависимых отношений) деген түрдүү видеолор, тренингдер, макалалар көп. Кааласаңыз психологго жарым жылдан кем эмес барып көрүңүз.

Бактылуу болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт