// //

Гарвард жана башка дүйнөлүк ири окуу жайлардын акысыз курстары

2022.11.03, 12:54
2256

Салам, достор! Кыргызстанда туруп, Гарвард сыяктуу окуу жайларда окугуңуз келеби? Бирок, тыйын жагынан кыйналып турасызбы? Эч кабатыр болбоңуз, бүгүн биз дүйнөдөгү престиждүү университеттердин акысыз курстарын сунуштайбыз.  

Гарвард университетинин акысыз курстары

Гарвард университетинин акысыз онлайн курстары - студенттер, мугалимдер, профессорлор, орто деңгээлдеги адистер, IT адистери, дарыгерлер жана деги эле, ар кыл темаларды бекер үйрөнүүнү каалагандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.  Курсту аяктагандан кийин сиз резюмеңизде колдоно ала турган сертификат аласыз.

Массачусетс технологиялык институтунун акысыз курстары

Массачусетс технологиялык институту кинематографиядан ишкердикке чейинки акысыз курстардын чоң тандоосун сунуштайт. Сайттан сиз каалаган тема боюнча көптөгөн курстарды таба аласыз жана өзүңүзгө жаккан нерсени тандайсыз!

Стэнфорд университетинин акысыз курстары

АКШдагы престиждүү университеттеринин бири болгон Стэнфорд университети онлайн режиминде акысыз курстарды сунуштайт. Бул курстар толугу менен акысыз болсо да, аны аяктагандан кийин расмий сертификат алууну каалаган студенттерден белгилүү бир төлөм талап кылат.

Йель университетинин акысыз курстары

Йель университети студенттер жана адистер үчүн акысыз онлайн курстарын сунуштайт. Бул курсту аяктагандан кийин ала турган көндүмдөр жөнүндө толук маалыматтты сайтынан биле аласыз. 

Окууга даярсызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт