Төрөткө катышсаңар, аялыңардын оорусу жеңилдейт. Данияр Аманалиев ой бөлүшөт
Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев эмне үчүн мырзалар төрөткө катышуусу керектиги тууралуу тууралуу ой бөлүштү. Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз.
Кымбаттуу мырзалар! Төрөт маалында жубайыңыздын жанында болуңуз. Бул "өнөктөштүк төрөт" деп аталат. Эмне үчүн мен бул тууралуу сөз козгогум келди? Анда эмесе, кеп башынан болсун.
Көрсө, көпчүлүк өнөктөштүк төрөттү тыюу салынган нерсе катары көрүшөт экен: “Мен андайды көрө албайм", "ээсим ооп калышым мүмкүн”, “бул адаттан тыш неме” ж.б. Чынында, бул абдан маанилүү.
Атайын изилдөөлөргө караганда, эгер эркек төрөй турган болсо, анда аял чыдаган ооруну көтөрө албай өлүп калышы мүмкүн. Анткени, аялдын чыдамдуулугу жогору.
Мен өнөктөштүк төрөт, деги эле төрөт тууралуу билүү үчүн атайын курстарга баргам. Анткени төрөт учурунда сүйүктүүңөрдүн колун кармап турсаңар, оорусу 50 пайызга чейин жеңилдейт. Ошондой эле, мага окшоп төрөткө катышсаңар, балаңар менен мамилеңер адаттан тыш жакын болот.
Балдарымды биринчи жолу көргөн учурду эч нерсеге алмаштырбайм. Ал жашоомдогу эң укмуш секунд болгон. Ошондо, жарыкка жаңы жашоо пайда болгонун түшүнгөм. Бул учурда аялымдын колун кармап, ыраазычылыгымды билдирип, биздин сүйүү үчүн баарына чыдаганына рахмат айтып туруу мен үчүн маанилүү болду.
Кыргызстанда өнөктөштүк төрөт көбүрөк практикага алынса, адамдар бири-бирин, балдарын көбүрөөк жакшы көрүшүп, үй-бүлөлөр бекемделип, балдар көбүрөөк бактылуу болмок. Балдар бактылуу болсо, өлкөбүз бактылуу. Анткени, мамлекетибиздин бүгүнкү көйгөйү, кичинесинде сүйүүгө тойбой калган балдардын мууну чоңоюп жатканында.
Келгиле, балдарыбызды, сүйүктүү аялдарыбызды сүйлөлү. Сүйүүнү кур сөз менен эмес, иш жүзүндө көрсөтөлү.
А сиз төрөткө катышкансызбы?