// //

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайбы? Трихолог жооп берет

2022.09.08, 13:20
2637

Салам достор! Дарыгер-трихолог, КРСУнун медицина факультетинин бүтүрүүчүсү Алижон Балтабаев чач тууралуу эң көп берилген суроолорго жооп берди. 

Шапка көп кийсең маңдайыңдагы чач түшө баштайт деген чынбы?

Көпчүлүк чачтын түшүшүн туура эмес шампунь менен жуугандан же баш кийим көп кийгенден деп эсептешет. Тилекке каршы, бул миф! Чачты катуу тартып койгондо "тракциондук алопеция" башталып, чач түшө баштайт. Бул көбүнчө бийчилерде, балериналарда, чачына дреды жасаткандарда кездешет. Чачты катуу тартып байлаганда, ашыкча тартылуу болуп, чачтын чеги артка жыла баштайт. Бул маңдайдагы чачтын түшүүсүнүн бир себеби, башкалары да бар. 

Кызым чачын эки күндө бир жолу жууйт. Бул туурабы?

- Мунун баары баштын терисинин түрүнө жараша болот. Эгерде баланын териси кургак болсо, анда ашыкча жуу кургак себореяга алып келет. Башкача айтканда, баштын терисинде ашыкча өлчөмдөгү кабырчыктар пайда болот, тери тартылат, ал тургай кычышуу пайда болушу мүмкүн.

Көптөгөн өспүрүмдөр чач жасалгасын сактоо үчүн күнүнө дээрлик эки жолу чачын жуушат. Бул туура эмес, коргоочу май катмары жуулуп кетет. Анан баштын териси кургап кетет же ашыкча май бөлүп чыгара баштайт. Жакшысы, жумасына үч жолу жууган жакшы.

Териси майлуу башты күндө жууса болобу?

Тери майлуу болсо, аны жууп койсо эле көйгөй чечилбейт. Адиске кайрылып, пилинг жасап, атайын каражаттарды сатып алыш керек.

Чачты бекем кылуучу витаминдер барбы?

Ар кандай маркадагы мультивитаминдүү препараттар бар. Алар чачтын өсүшүн жакшыртуучу негизги компоненттерди камтыйт: цинк, жез, темир, аминокислоталар, витаминдер ... Бирок,  эмнени кабыл алуу конкреттүү көйгөйдөн көз каранды. Витаминдерди негизги дарылоого кошумча катары колдонсо болот. Эгерде адамда көйгөй бар болсо, ал бир эле витаминдер менен чечилип калбайт.

Эмнеге эмчек эмизген чач катуу түшө баштайт?

Кош бойлуу кезде, аялдардын жыныстык гормондорунун таасиринен улам чачтын жашоо цикли узарып, чачтар дээрлик түшпөй калат. Төрөттөн кийин гормондор табигый түрдө төмөндөп, "төрөттөн кийинки телоген" деп аталган чач түшүүсү башталат. Үч-төрт айдан кийин кош бойлуу кезде чыккан чачтар түшө баштайт. Бул процесс убактылуу жана алты айдын ичинде токтошу керек.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт