// //

Аялым үйүнө кеткенден кийин маанилүү бир нерсени түшүндүм

2022.08.26, 12:59
15668

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Казан менен кастрюль жарактан чыкты. Ооба, күлгүлө, боткону күйгүзүп алдым, эми эмне кылайын, айла жок. Жаңы үтүк дагы сатып алыш керек. Үйдүн кебетесин көрсөңөр желмогуздун өзү.

Үйгө келсем тамак даяр болуп турчу. Көрсө, ал өзү даяр болбойт тура, аны эки-үч саат тик туруп жасаш керек экен. Жасап көрдүм, бир кашык жеп алып кустум. Балам апасы кеткенден бери ысык бир нерсе жей элек. Ага майрам болду. Кола, чипсы деген нерселердин сазайынын берип жатат. Зыян экенин билем, айла жок.

Муздаткычта эч нерсе жок. Дүкөнгө бардым. Эмне алышты билбей баса бердим. Үйдө үч литр туздалган бадыраң бар экен. Эки күндөн бери нан менен ошону жеп жатам. Келинчегим дүкөнгө чогуу баралы дей берчү. Жалкоолонуп койдум эле. Бекер кылыпмын. Үйрөнүп алсам болмок экен.

Баса, Актөш жок. Түшүнөм, аны. Курсагын тойгузганы бир жакка кетти окшойт. Туура кылат, ачка жата бермек беле. Ал тамак берген аялымды көбүрөөк сыйлайт, мени эмес. Баягы күнү чыксам ырылдайт. Үйгө чуркап кирдим. Баламдын боору эзилип калды.

Туздалган бадыраң жеп отурсам аялым кирип келип калды. Кебетемди көрүп күлдү. “Апаман кабар алып келгиче эмне болдуңар” деди. Тамак жокпу сурады. Бадыраңды көрсөттүм. Дагы күлдү. Кийимдерин которуп келип жумуртка менен картошка кууруп берди. Балам экөөбүз эч нерсени карабай жедик. Анан келинчегимдин айтканын кылып, көрсөткөнүндөй жасап үй жыйнаштым. Биринчи кезекте бул нерсе мага керек экенин түшүндүм. Анткени, өзүмдөн, баламдан уялдым. Мындан ары кезектешип тамак жасамай болдук. 

Баса, туздалган бадыраңды экинчи жебейм, көрөйүн деген көзүм жок.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт