Гинекологго жөн эле текшерилгени барсам, элдер соо эмес дейби?
2022.08.26, 09:52
4115
Саламатсызбы! Менде мындай суроо бар. Гинекологго канча жаштан баштап барып туруу керек? Мен барайын дейм, бирок элдер соо эмес дейби деп корком.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2022, 09:55
Элнура Таштемирова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Айыз келе баштагандан тарта гинекологго барып, "осмотрдан" өтүп туруу керек. Себеби, дал ошол учурда гормоналдык бузулуулар, көйгөйлөр башталат. Ооба, биздин коомдо, кыз киши жөн эле гинекологго баып турса, бир нерсе бар деп ойлошот. Сиз аларга көңүл бурбай эле коюңуз. Эч жериңиз оорубаса, баары жакшы болсо дагы профилактикалык текшерүүдөн өтүп туруңуз, бул сиздин ден соолук үчүн абдан маанилүү.
Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
0
Пайдалуу жооп